Соттор эл алдында жооп берет. "Биримдик" кандай убада менен шайлоодон жеңди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO"Биримдик" партиясынын тарапташтары агитация учурунда
Биримдик партиясынын тарапташтары агитация учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоодо элдин эң көп добушун алган "Биримдик" партиясы башкалар сыяктуу убадасын так кесе айтып, аткаруу мөөнөтүн белгилеген эмес. Программасы кыскача жазылып, пландарын жалпылап айтышкан.

"Биримдик" демократиялык социализм-евразиялык тандоо саясий партиясы жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылган социалдык мамлекетти куруу башкы максаты экенин айтат. Бул саясий уюм 2013-жылы каттоодон өткөнү көрсөтүлөт, бирок быйыл эле шайлоонун алдында коомчулукка белгилүү болду. Лидери — VI чакырылышта КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болгон Марат Аманкулов.

Sputnik Кыргызстан "Биримдик" партиясы берген убадалардын маанилүү бөлүгү менен тааныштырат.

"Биз "Демократиялык социализмди" жана "Евразиялык тандоону" коомдун социалдык, экономикалык жана саясий турмушунун концепциясы катары кабыл алууну сунуштайбыз. Демократиялык социализм-евразиялык тандоо — бул аймактарды, этникалык топторду жана алардын маданиятын бириктире турган идея. Бул интернационализмге жана элдердин достугуна негизделген кызматташтык", — деп өзүн тааныштырган партия.

"Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы

Медицина жана билим берүү

Билим берүү тармагын бардык деңгээлде модернизациялоо зарыл.

Медицина тармагындагы саясат мамлекет тарабынан көзөмөлдү камсыз кылууга багытталышы керек. Санариптештирүүнүн алкагында бардык дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү зарыл.

Жумушсуздуктун санын кантип кыскартат?

Биз жумушсуздукту азайтууга, жумуш менен камсыз кылууга, жарандардын кирешелерин жөнгө салууга таасир этүүчү жана калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүүчү сапаттуу, терең ойлонуштурулган социалдык саясаттын үстүнөн иштейбиз.

Партиянын социалдык саясаты эмгек миграциясынын санын кыскартууга жардам берет. Ал эми "Евразия" концепциясынын алкагында тышкы саясаттагы позициясы чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын абалын жакшыртат.

Өнөр жай, энергетика, айыл чарба, курулуш, транспорт тармактарын модернизациялоону жөнгө сала турган, ишкердикти жана жеке бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экономикалык программаны иштеп чыгууну өтө маанилүү деп эсептейбиз.

Программада сунушталган экономикалык реформалар жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Кайсы партияга канча мандат тиет. Тизме

Судьялар эл алдында жооп берет

Биз коррупция менен күрөшөбүз. Судьялардын мыйзамдын жана элдин алдында жоопкерчилигин камсыз кылууну талап кылабыз.

Чиновниктер ачык-айкын иштеп калат

Эң маанилүү милдеттердин бири — санариптештирүү жана жаңы технологияларды киргизүү, өлкөдө электрондук мамлекетти түзүү. Бул мамлекеттик аппараттын чыгымдарын гана төмөндөтпөстөн, жарандык коом үчүн ачык жана натыйжалуу кылат. Эл интернет аркылуу мамлекеттик кызматтарды пайдалана алат.

Санариптештирүүнү жана электрондук мамлекетти өнүктүрүү чарбалык иштерди жүргүзүүнү кыйла жеңилдетет жана экономиканын өнүгүүсүнө түрткү берет. Ошондой эле жөнөкөй жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Чиновниктердин жана мамлекеттик органдардын иштери онлайн көзөмөлдөнүп, толук ачык-айкындуулук болот. Алардын жоопкерчилигин күчөтүп, ачык иштөөгө аргасыз кылат.

"Биримдик" партиясынын программасын толугу менен БШКнын сайтынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0