Кайсы партияга канча мандат тиет. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кенештин имараты. Архив
Жогорку Кенештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Мандаттар тууралуу божомол автоматтык түрдө эсептөөчү системанын санаганы менен добуштардын 94,42 пайызынын жыйынтыгына таянып жасалды. Келтирилген божомол расмий болуп эсептелбейт. 

Алдын ала берилген маалымат боюнча, төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү:

  • "Биримдик" — 24,45%;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 23,95%;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 7,09%;
  • "Кыргызстан" — 8,76%.

Алынган маалыматтын негизинде мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөрү болжолдонду:

  • “Биримдик” — 46 мандат;
  • “Мекеним Кыргызстан” — 45 мандат;
  • “Кыргызстан” — 16 мандат;
  • “Бүтүн Кыргызстан” — 13 мандат.
Жаңылыктар түрмөгү
0