Канча кыргызстандык добуш бергени белгилүү болду

Жазылуу
Жалпы жонунан 2 475 добуш берүү участогу иштесе, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар үчүн 45 шайлоо участогу ачылган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого 1 миллион 604 миң 562 кыргызстандык катышты. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Бул шайлоочулардын жалпы санынын 45,54 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт.

Жалпы жонунан өлкө боюнча 2 475 добуш берүү участогу иштесе, чет өлкөдө жашап-иштеп жүргөн жарандарга 45 шайлоо участогу ачылган.

Кайсы партияга канча мандат тийди. Тизме

Белгилей кетсек, 3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Бирок биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.
Эске салсак, кыргыз парламентинде 120 депутаттык мандат бар. Алар үчүн 2 миңдей талапкер 16 саясий партиянын катарында ат салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0