Костюм кийген кишилер. Архив

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан кимдер депутат болуп келет. Тизме

8683
(жаңыланган 22:38 04.10.2020)
Алдын ала маалымат боюнча,  "Мекеним Кыргызстан" партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, добуштардын 23,95 пайызын  алып, 45 депутаттык мандатка ээ болору болжолдонууда.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. БШК Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялап, болжол менен келчү партиялардын катарына 45 мандат менен "Мекеним Кыргызстан" да кире турган болду. Sputnik Кыргызстан төмөндө тизмедеги депутат болуп келе турган 45 кишинин тизмесин жарыялайт.

  • Бакиров Мирлан Исакбекович;
  • Садалиев Улан Шейшенбекович;
  • Жунусов Ибрагим Кожоназарович;
  • Кузнецова Татьяна Анатольевна;
  • Дүшембиев Бакытбек Осмонович;
  • Сырдыбаев Улан Муратбаевич;
  • Маматалиев Марлен Абдырахманович;
  • Алканова Элнура Сайдиракмановна;
  • Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович;
  • Матраимов Искендер Исмаилович;
  • Тиллаев Таабалды Гапырович;
  • Молдобекова Гүлкан Сакиновна;
  • Аманкулов Канат Маратович;
  • Келдибеков Ахматбек Келдибекович;
  • Азиз Канатбек;
  • Молдогазиева Бактыгүл Эркинтуровна;
  • Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич;
  • Исамамбетов Кылычбек Байышович;
  • Шакирова Гүлмира Абидиновна;
  • Самаев Урматбек Обозбекович;
  • Сыдыков Бактыбек Үсөнович;
  • Абдыкаров Данияр Сатарбаевич;
  • Култаева Гүлшаркан Оконовна;
  • Райымкулов Бактыбек Кемелбекович;
  • Өмүркулов Иса Шейшенкулович;
  • Абжалиев Алиярбек Токобекович;
  • Мамырова Бөдөш Аманбаевна;
  • Чолпонбаев Туганбек Чолпонбаевич;
  • Алымов Жанарбек Жапарович;
  • Маматов Канатбек Мурзаевич;
  • Атабекова Кызжибек Азимжановна;
  • Маннанов Ильхом Абдукахарович;
  • Адылов Бакытбек Адылович;
  • Акунбеков Эрлист Абакирович;
  • Исанова Мария Насирдиновна;
  • Назарбеков Мирлан Рысбекович;
  • Акимов Абдиталип Паттаевич;
  • Каналиев Бактыбек Эркинович;
  • Карыжинская Татьяна Анатольевна;
  • Амантуров Мирлан Казылаевич;
  • Атазов Шайлообек Карыбекович;
  • Ормонов Жапарбек Туратович;
  • Мусабекова Жылдыз Аманбековна;
  • Базарбаев Эрлан Базарбаевич.
8683
Белгилер:
депутат, тизме, парламенттик шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (252)
Тема боюнча
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынан кимдер депутат болуп келет. Тизме
"Кыргызстан" партиясынан ЖКга депутат болуп келгендер. Аты-жөнү
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

20
(жаңыланган 23:58 22.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө  кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү  суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл өз коомунун ичиндеги мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз.  Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

20
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

35
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

35
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды