Жогоркү Кеңештин жыйын залы. Архив

"Биримдиктен" кимдер депутат болуп келет. Тизме

8420
(жаңыланган 23:18 04.10.2020)
Жалпы жонунан 2 475 добуш берүү участогу иштесе, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар үчүн 45 шайлоо участогу ачылган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Добуштардын 94,42 пайызынын жыйынтыгына таянып эсептей турган болсок, "Биримдик" шайлоочулардын 24,45 пайыз добушуна алып, 46 мандатка ээ болмокчу.

Белгилей кетсек, келтирилген божомол расмий болуп эсептелбейт.

"Биримдик" партиясынын тизмеси боюнча 46 мандатка төмөнкү адамдар ээ болот:

  1. Жамангулов Акылбек Жекшенович;
  2. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  3. Зулпукаров Төрөбай Закирович;
  4. Строкова Евгения Григорьевна;
  5. Бегалиев Талас Кубанчбекович;
  6. Бакасов Улан Болотбекович;
  7. Мирзаев Сухбатила Нематович;
  8. Касымалиева Аида Камчыбековна;
  9. Иманов Талантбек Орускулович;
  10. Жумаев Гүлжигит Бекболотович;
  11. Аманкулов Марат Аскерович;
  12. Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна;
  13. Алтынбеков Айбек Алтынбекович;
  14. Капаров Ильгиз Төлөнович;
  15. Субанбеков Бакирдин Жамалович;
  16. Осмонова Нурзат Курманбековна;
  17. Примов Улан Бердибаевич;
  18. Туманбаев Каныбек Тургунбекович;
  19. Арапбаев Азамат Абдуллажанович;
  20. Аманова Бурун Кушбековна;
  21. Султанов Калыкбек Иманалиевич;
  22. Тулендыбаев Пархат Розымович;
  23. Осмонов Замирбек Бабакулович;
  24. Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна;
  25. Чойбеков Бактыбек Каныбекович;
  26. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович;
  27. Жээнбеков Асылбек Шарипович;
  28. Мавлянова Махабат Эргешовна;
  29. Келдибаев Сагындык Аширалиевич;
  30. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович;
  31. Пирматов Исхак Айтбаевич;
  32. Асылбаева Гүлшат Кадыровна;
  33. Тагаев Нурдин Шамшыбекович;
  34. Нишанов Нургазы Нурланович;
  35. Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович;
  36. Исмаилова Аида Жекшенбаевна;
  37. Жусупов Эмилбек Рамидинович;
  38. Кадыркулов Искендер Анарбекович;
  39. Кулбараков Абтандил Илдузович;
  40. Исаева Динара Шертаевна;
  41. Саякбаев Рустам Темирбекович;
  42. Жолболдуев Памирбек Бакыевич;
  43. Тотонов Нурбек Темирбекович;
  44. Осмонова Айнура Шермаматовна;
  45. Токомбаев Нурланбек Кантаевич;
  46. Жураев Сайдолимжон Маруфович.
8420
Белгилер:
Парламент, шайлоо, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынан кимдер депутат болуп келет. Тизме
"Кыргызстан" партиясынан ЖКга депутат болуп келгендер. Аты-жөнү
"Мекеним Кыргызстан" партиясынан кимдер депутат болуп келет. Тизме
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

71
(жаңыланган 10:53 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын орду 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда мэриянын алдында кайрадан митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

71
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти
9М729 ракеталары. Архив

ТИМ Путиндин сунушуна Батыштын кылган мамилесин кескин сындады

36
(жаңыланган 10:21 29.10.2020)
Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден чыгып кеткенден кийин Европадагы чыңалып жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин РСМД боюнча сунушу Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу ниети болчу. Азыр бул чечимге кол шилтегендер Европанын коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөтүп жатат. Мындай пикирин РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге берген маегинде билдирген.

"Айтылган сунуштар олуттуу текшерип, билип-үйрөнүүнү талап кылат. Анын тереңинде фундаменталдык ой жатат, ал РФ жетекчилигинин Европадагы аскердик-саясий абалдын турукташуусуна жол табууга кылган ишаратынын белгиси. Булар Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу үчүн жасалууда", — деген Рябков.

ТИМ өкүлү учурда ставкалар "өтө жогору" жана "Путиндин сунуштарына кол шилтегенге аракет кылгандар" аталган аймактын коопсуздугуна кенебестик менен мамиле жасап жатат деген маанайда пикирин билдирген.

"Өзүнүн коопсуздугун эске алганда деле, биринчи терс маанайдагы ойлонулбаган билдирүүлөрдү дал Европанын өзүнөн уктук",— деген Рябков.

Президент Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден (РСМД) чыгып кеткенден кийин Европадагы улам чыңалып бара жаткан абалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан. Тагыраагы, эгерде НАТО тараптан да кадам ташталса, Москва өз ыктыяры менен өзүнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракеталарын бурбай, топтобой турарын билдирген. Альянска Европадагы Aegis Ashore комплекстерин Мк-41 орнотуучу жабдуулары менен кошо текшерип алууну сунуштап, ага Калининград объектилериндеги 9М729 ракеталарын кошкон.

"Жок дегенде аракет кылып көрүш керек". СНВ-3 макулдашуусун узартуу боюнча пикир

Демилгеге биринчилерден болуп расмий Берлин жооп кайтарып, НАТОнун мурдагы позициясын бетке кармап, РСМД боюнча россиялык идея ишенимге татыктуу эмес деген пикирин айткан. Өз кезегинде Лондон аталган долбоорун ийгиликсиз болуп калышына кайрадан Россияны күнөөлөдү. Франция гана Россиядан сунушталган демилге боюнча кененирээк айтышын күтүп жаткандыгын билдирди.

Өлкөнүн ТИМ өкүлү "европалыктардын коопсуздугуна негиз салуучу элемент" болгон РМСД боюнча макулдашууну сактап калууга чечим табылбагандыгына өкүнгөндүгүн айтты.

36
Белгилер:
сунуш, келишим, Владимир Путин, АКШ, Европа, Россия
Тема боюнча
"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

0
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

0
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт