Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын эсептөө

Шайлоодон кийин Кыргызстанда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео баяндама

(жаңыланган 14:47 05.10.2020)
Кыргызстанда кечээ, 4-октябрда, Жогорку Кеңешке шайлоо болду. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, анда төрт партия жети пайыздык босогодон өтүп, парламентке  келе турган болду. 

Алар — "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан"  партиялары. Анткен менен добуштар алдын ала саналгандан соң саясий өнөктүккө катышкан башка партиялар анын жыйынтыгына нааразы болуп чыкты. Бир катарлары мөөнөтсүз митинг уюштуруу туурасында да айтышты.

Соңку статистика боюнча, 1 миллион 970 миң 213 адам парламенттик шайлоого катышты. Жалпы жонунан 2 475 добуш берүү участогу иштесе, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар үчүн 45 шайлоо участогу ачылган.

Жаңы билдирүү
  • 14:47
    Кандидат в депутаты ЖК от партии Мекеним Кыргызстан Улан Садалиев

    "Мекеним Кыргызстанда" экинчи турган Садалиев деген ким? Кызыктуу фактылар

    Шайлоодон ишенимдүү өткөн "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде экинчи орунда турган Улан Садалиев ким экен деп кызыккандар көп десе болот. Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымат топтоду.
    Дагы
  • 12:31
    Сторонники партии Биримдик во время агитационного мероприятия в селе Кой-Таш на окраине Бишкека. 2 октября 2020 года

    Соттор эл алдында жооп берет. "Биримдик" кандай убада менен шайлоодон жеңди

    Шайлоодо элдин эң көп добушун алган "Биримдик" партиясы башкалар сыяктуу убадасын так кесе айтып, аткаруу мөөнөтүн белгилеген эмес. Программасы кыскача жазылып, пландарын жалпылап айтышкан.
    Дагы
  • 12:23
    Люди на избирательном участке в здании КРСУ в ходе голосования на выборах седьмого созыва ЖК

    КМШ байкоочулары: шайлоо таза, ачык өттү

    КМШнын байкоочулары отчётко аз гана эреже бузуулар болгонун жазып, алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албастыгын белгилешкен.
    Дагы
  • 11:42

    "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде биринчи болуп турган Адахан Мадумаров боюнча факты

     2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановдон кийинки үчүнчү орунду ээлеген. Ошондой эле 2011-жылы да Кыргызстанды башкарам деп шайлоого катышкан.

     

     

    Сопредседатель партии Бутун Кыргызстан Эмгек Адахан Мадумаров. Архивное фото

    Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты

    Парламентке жаңы келген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров тууралуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуз.
    Дагы
  • 11:27

    Биригүүнү пландаган партия лидерлери шайлоону мыйзам бузуулар менен өттү деп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда

    Президент России Владимир Путин (R) пожимает руку своему турецкому коллеге Реджепу Тайипу Эрдогану во время встречи в Кремле в Москве 23 января 2019 года.

    Шайлоодо жеңилген 5 партиянын лидерлери биригип жатканын айтышты. Видео

    Биригүүнү пландаган партия лидерлери шайлоону мыйзам бузуулар менен өттү деп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.
    Дагы
  • 10:45
    Подсчет результатов голосования на избирательном участке №1327 в Бишкеке после завершения выборов седьмого созыва ЖК

    Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары

    Sputnik Кыргызстан агенттиги 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүнө сереп салып, урунттуу учурларды тизмектеди.
    Дагы
  • 10:17

    Парламентке келе турган "Мекеним Кыргызстан" партиясынын убадаларына көз салганда

    Женщина проходит мимо агитационного баннера партии Мекеним Кыргызстан в селе Кой-Таш на окраине Бишкека. 30 сентября 2020 года

    Бажы ачык иштейт, облустар жоюлат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын убадалары

    Бул партия программасынын дээрлик баарын эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жүзөгө ашырууга ыктаган. Көмүскөдөгү бизнести ачыктап, салыктын бир эле түрүн калтырууну убадалашты. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө камынып жатышат.
    Дагы
  • 10:00

    "Биримдик" партиясынын тизмесинде биринчи орунда турган Акылбек Жамангулов жөнүндө фактылар

    Директор ЗАО Альфа Телеком Акылбек Жамангулов на первом телекоммуникационном форуме Цифровой Кыргызстан: развитие регионов в Оше

    Премьердин бажасы коркутту деп... "Биримдиктин" сап башы Акылбек Жамангуловдун жолу

    Өлкө тагдырын аныктаган парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, саналуу партиялардын өкүлдөрү калың элдин добушу менен депутат болуп келишмекчи.
    Дагы
  • 09:56
    Список депутатов

    Жаңы чакырылышка кимдер депутат болуп келди? Болжолдуу тизме

    Бүгүн, 4-октябрда, өлкөдө парламенттик шайлоо болуп өттү. Учурда электрондук урнадан добуштарды автоматтык эсептөө аркылуу болжолдуу жыйынтык белгилүү болду.
    Дагы
Белгилер:
добуш берүү, саясий партиялар, парламенттик шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Айылдагы медиктерге үй алып беребиз. "Бүтүн Кыргызстандын" негизги убадалары
БШКнын төрайымы шайлоонун жыйынтыгы боюнча соңку маалыматты жарыялады