Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун Бишкектеги митинги - Sputnik Кыргызстан

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун Бишкектеги митинги. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жарандар менен Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги өтүп жатат.

Буга чейин нааразылык акцияларын биригип өткөрүү туурасында айтылган. Мындан сырткары, бир нече партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, күчтөрүн бириктире тургандыктарын билдиришкен.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:53 05.10.2020
19:23 05.10.2020
19:06 05.10.2020

Аянттагы миңдеген элди алдына ырчы Гүлзада Рыскулова келип, "Курманбек" эпосунан үзүндү аткарып, ырдады. Эл аларды кол чаап, кыйыкырып, ышкырып колдоду. 

19:04 05.10.2020
18:47 05.10.2020

Ырчы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы туурасында сын-пикирин билдирди. 

Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
18:40 05.10.2020

"Кишилер Чүй проспектисин тосууга аракет кылып жатышат", - билдирди кабарчыбыз. 

18:29 05.10.2020

Митингчилерден анча алыс эмес жерде, тагыраагы Өмүрзаков атындагы стадиондун жанында милициянын атайын техникалары токтоп турат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
18:21 05.10.2020
18:05 05.10.2020

Аянтка "Замандаш" партиясынын өкүлү Мелис Турганбаев келди. Ал шайлоодогу добуштар уурдалды деген кинесин айтты. Бир нече мүнөттөн кийин микрофонду колунан алып коюшту. Андан кийин сүйлөп жаткан секиден аны алып түшүп кетишти.

Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
18:00 05.10.2020
17:50 05.10.2020
17:48 05.10.2020
17:22 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтынан алынган соңку сүрөттөр

16:36 05.10.2020
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
16:25 05.10.2020

 Талас облусундагы кабарчы дубанда митинг аяктап, анын жыйынтыгы боюнча  резолюция кабыл алынганы айтты. Ага бир катар партиянын өкүлдөрү жана учурдагы депутаттар катышкан.  

Кабарчы митингдин катышуучулары Таластан Бишкекке чыгууга камынып жаткандыгын кошумчалады.  

16:20 05.10.2020
Митинг в центре Бишкека после окончания выборов - Sputnik Кыргызстан

"Ала-Тоо" аянтынан ирмемдер. Митингдин катышуучуларына активисттер бет кап таратып жаткан учур. 

16:14 05.10.2020

Бишкекте милиция өкмөт үйүнөн жанындагы скверде орун алды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
"Абдымомунов көчөсүндө эки автобус токтоп турат. Айланадагы отургучтарда милиция кызматкерлери отурат", — деди кабарчы

16:04 05.10.2020

Талас шаарынын чок ортосунда жайгашкан Капар Медетбеков атындагы драма театрынын алдында нааразычылык акциясы башталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

 Маалыматка караганда, аянтка "Республика", "Бир Бол", "Ата Мекен", "Чоң Казат" партияларынын өкүлдөрү келишкен. Акцияга 500дөй адам катышууда.

 

Митинг в Таласе после окончания парламентских выборов  - Sputnik Кыргызстан
15:51 05.10.2020

Нарын шаарында кечээ 4-октябрдагы парламенттик шайлоого нааразычылык митинги болууда. Нарын шаарындагы облустук администрациянын астына чогулган эл  шайлоого нааразы экендиктерин билдиришкен. 

Митинг в Нарыне после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
15:45 05.10.2020

"Атам-Мекендин" талапкери, депутат Рыскелди Момбеков 24 сааттын ичинде шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды. Эл "Акыйкат шайлоо" деп кыйкырууда.

15:44 05.10.2020
15:34 05.10.2020
Митинг в центре Бишкека после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
15:31 05.10.2020

Учурда "Ата-Мекенден" талапкер Жанар Акаев, "Бир Бол" партиясынан Алтынбек Сулайманов сүйлөп, президентке кайрылып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылды. 

15:25 05.10.2020
15:22 05.10.2020

Учурда "Ата-Мекен" партиясынын талапкери Эльвира Сурабалдиева сүйлөп жатат. Эл "кетсин" деп кыйкырууда. 

15:17 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтындагы митингге "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков модераторлук кылууда. Учурда "Улуу Кыргызстан" саясий партиясынын өкүлү сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын айтууда.   

15:09 05.10.2020
Второй митинг в Бишкеке возле театра оперы и балета  - Sputnik Кыргызстан
15:05 05.10.2020
Второй митинг в Бишкеке возле театра оперы и балета - Sputnik Кыргызстан

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын жанындагы митинг. 

15:03 05.10.2020
15:01 05.10.2020

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын жанына чогулгандар партия лидерлерин "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингчилерге  кошулууга чакырып жатышат

 

 

14:56 05.10.2020

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрына "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү чогулганын жеринен кабарчы билдирди.
Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүккө чакырууда. Ал жерге 500гө чукул адам чогулганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөрүүдө.

Второй митинг в Бишкеке возле театра оперы и балета - Sputnik Кыргызстан
14:43 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтындагы  нааразылык митингинин катышуучулары

14:37 05.10.2020

Алар "Бир бол", "Ата Мекен", "Республика" жана "Замандаш" саясий партияларынын өкүлдөрү экендиги кабарланды.

14:35 05.10.2020
14:32 05.10.2020
14:26 05.10.2020

В Дубовом парке собирается группа женщин в платках. Власть готовит провокации? Антимитинг?

Опубликовано Kunduz Zholdubaeva Понедельник, 5 октября 2020 г.
14:23 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтында митингге келгендердин саны бир топ өстү.

12:57 05.10.2020
Митинг в центре Бишкека после окончания выборов - Sputnik Кыргызстан
12:54 05.10.2020

Ар кыл маалыматтарга караганда, "Ала-Тоо" аянтына 300-500дөй киши чогулду. 

12:27 05.10.2020
Митинг в центре Бишкека после окончания выборов - Sputnik Кыргызстан
12:24 05.10.2020

Элдин алдына чыгып сүйлөгөн социал-демократчы Темирлан Султанбеков шайлоо жыйынтыгы боюнча нааразылыгын билдирип, бир канча чакырыктарды таштап, аны тургандар кайталап, кыйкырышты. 

12:14 05.10.2020

Учурда "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатат.

"Бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарабыз, беш партия бир чечимге келдик", - деди Асанбеков. 

12:08 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтына келгендердин саны улам көбөйүүдө. Алардын арасынан жаштарды көбүрөөк жолуктурууга болот. 

12:05 05.10.2020

Чогулган элдин алдында сүйлөп жаткан адамдын үн күчөткүчүн ошол жерде тургандардын бири жулуп алды. Ал эми митингдин катышуучулары ал жерден обочороок жылды. Митингге келгендердин бири социал-демократтарды башка тарапка чакырып, кыйкырууда. 

12:03 05.10.2020

"Мекен Ынтымагы" менен "Реформа" партиясынын өкүлдөрү Айкөл Манастын эстелигинин алдына чогулууда.

Митинг в центре Бишкека после окончания выборов  - Sputnik Кыргызстан
11:48 05.10.2020

"Мекенчил" партиясынын өкүлү Мелис Аспеков келип сүйлөп, элди тынчтык митингге чакырды. Ал "биздин "Мекенчил" партия шайлоодо дээрлик уткан" деген пикирин айтты. 

11:40 05.10.2020
11:39 05.10.2020
11:32 05.10.2020

"Ала-Тоодо" аянтына адамдар улам келип, кошулуп жаткандыгын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз билдирди. "Социал-демократтардын" өкүлү Ирина Карамушкина сүйлөп жаткандыгын кошумчалады. 

11:28 05.10.2020
Митинг в центре Бишкека после окончания выборов  - Sputnik Кыргызстан

 "Ала-Тоо" аянтынан алынган сүрөттөр

11:24 05.10.2020

Кечээ БШК парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын жарыялаганда бир нече партиялар ага макул эместигин билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын айткан. 

11:22 05.10.2020

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар митингди саат 12:00дө баштарын айтышты.

11:21 05.10.2020

"Ала-Тоо" аянтына азыр "Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү келди. Алар кечээ кечинде мөөнөтсүз митинг жарыялагандыктарын айтышкан. Учурда 15-20дай киши чогулду. Алардын жанында милиция кызматкерлери жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0