Жээнбеков партия лидерлери менен жолугушуусун саат 9.00гө жылдырды

Жазылуу
Буга чейин өлкө башчынын маалымат кызматы жолугушуу эртеңки саат 11.00гө белгиленгенин билдирген болчу.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 6-октябрда, парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушуусун саат 11.00дөн 9.00гө жылдырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Партия лидерлери саат 9.00гө чакыртылды", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун убактысы эмне себептен жылдырылганын маалымат кызматынан түшүндүрүшкөн жок.

Буга чейин жолугушуу саат 11:00гө белгиленгени айтылган эле

Эске салсак, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Милиция аларга бир нече сааттан бери каршылык көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0