Маалымат катчы Сооронбай Жээнбековдун учурда кайда экенин айтты 

Жазылуу
Жээнбеков саясий күчтөрдү Кыргызстандын жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн акыл-эстүүлүк кылууга чакырып жатканын айтышат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте жүрөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

 Жээнбеков саясий күчтөрдү Кыргызстан жана анда жашаган жарандар үчүн акыл-эстүүлүк кылууга чакырып жатат деп айтышты.

"Учурда президент Бишкекте", — деди Стамалиева.

 Ошондой эле ал Жээнбеков учурда кырдаалды көзөмөлгө алып, саясий күчтөр коомду бөлүп-жарууга жол бербейт деген ишенимин билдиргенин айтты.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0