Асылбек Жээнбеков Оштогу митингте

Асылбек Жээнбеков Ош шаарында митинг өткөрүп жатат

5735
(жаңыланган 10:14 06.10.2020)
Президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сүйлөп, митингчилердин Ак үйдү басып алышын сындоодо.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

  • Асылбек Жээнбеков на митинге граждан и представителей партий, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш в Оше
    Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Асылбек Жээнбеков на митинге граждан и представителей партий, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш в Оше
    Митингге чогулгандардын арасында президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сүйлөөдө
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди

Митингге чогулгандардын арасында президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сүйлөөдө.

"Баары мыйзамдуу жол менен чечилиши керек. Бизде легитимдүү президент бар, ал өлкөгө мыйзамдуулукту орнотот", — деди Жээнбеков.

Ал митингчилердин Ак үйдү басып алышын сындап жатат. Анын жанында калаа мэри Таалайбек Сарыбашов турат.

Бирок экинчи тараптагы адамдар "таза шайлоо өткөн жок" деп кыйкырышууда. Мындан тышкары, "бийлик элдики, элди бөлбөгүлө" дегендер да бар.

Ушу тапта аянтта 500дөй киши чогулуп турат.

5735
Белгилер:
Митинг, Асылбек Жээнбеков, Ош шаары
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Жээнбеков Ак үйдү басып алууга байланыштуу билдирүү жасады
Кубанып, кол булгалаган Садыр Жапаров. Саясатчынын элге чыккан видеосу
Зенитно-ракетный комплекс (ЗРК) Круг на подступах к Степанакерту.

Азербайжан менен Армения жаңы элдешүүгө келмей болду

0
Элдешүү боюнча биринчи аракеттер Москвада 10-октябрга караган түнү болгон кеңешүүлөрдө башталып, бирок ал майнабын берген эмес.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Зограб Мнацаканян АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган менен жолугуп, анын соңунда Тоолуу Карабах маселесинде элдешүү болгонун айтышты. Бул туурасындагы маалымат Американын мамлекеттик департаментинин сайтына жазылгандыгын РИА Новости кабарлады.

Маалыматта ок атууну токтотуу 26-октябрь саат 08:00дө ( Бишкек убактысы боюнча 10:00) күчүнө кирери айтылган.

"АКШ тышкы иштер министрлер менен Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагаларынын сүйлөшүүлөрүнүн ыкчам жүрүшүнө көмөкчү болду. Ал Азербайжан менен Армениянын ынтымакка келип, Тоолуу Карабах чырынын чечилиши эле", — деп айтылган маалыматта.

Тараптар Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагаларынын Карабах боюнча 1-октябрдагы билдирүүсүнүн негизинде 10-октябрда Москва шаарында айтылган келишимдерди сактоого ынтызар экендигин айтышкан.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Twitter баракчасына эки жак дүйшөмбүдөн тарта ок атууну токтотуу тартибин карманууга милдеттенме алганын тастыктаган.

Элдешүү боюнча биринчи аракеттер Москвада 10-октябрга караган түнү болгон кеңешүүлөрдө башталган. Азербайжан менен Армениянын ТИМ жетекчилерин Россия борборуна президент Владимир Путин чакырган. Жолугушуунун аягында Баку менен Ереван 10-октябрда согушту токтотуп, туткундарды, каза болгондордун сөөгүн алмашууга макулдашкан. Бирок эки тарап дароо эле бири-бирин келишимди бузгандыгы боюнча күнөөлөөгө өткөн.

Кийин 18-октябрда кайрадан гумантитардык элдешүү аракети жасалып, бирок андан эч нерсе чыккан эмес.

Карабахтагы абал

Аймакта кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө Баку менен Ереван бири-бирин чатактын баштоочусу катары күнөөлөп келет.

Армения согуштук абал киргизип, жалпы мобилизация жарыялаган да, 18ден 55 жашка чейинки эркек кишилердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады

Азербайжанга да коменданттык саат киргизилип, жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Бул чатактын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылууда. Дүйнөлүк коомчулук эки тарапты эсине келип согуш отун токтотууга чакырган.

0
Белгилер:
чатак, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев. Архив

Чыр чыккан Баткенге Чек ара кызматынын төрага орун басары Алимбаев барды

29
(жаңыланган 11:30 26.10.2020)
Кечээ тажик жарандары Үч-Төбө айылынан жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок алар кайым айтышып туруп алган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Баткенге чыр-чатактын күчөп кетишин алдын алып, кырдаалды турукташтыруу үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев барды. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады.

Алимбаев күч түзүмдөрүнүн аракеттерин координациялайт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагындагы кырдаал азыркы учурда туруктуу деп мүнөздөлөт.

Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты

Эске салсак, кечээ, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп баштаганда, кыргыз чек арачылары тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышканда, эскертүү катары асманга ок атылган. Ошондон кийин түтүк өткөрүү иши токтотулуп, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан.

29
Белгилер:
Абдикарим Алимбаев, Мамлекеттик чек ара кызматы, Баткен облусу
Тема боюнча
Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме