Түндө Жээнбеков беш партиянын лидерлери менен жолуккан

Жазылуу
Жолугушууга "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Мекенчил" партияларынын лидерлери келди.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 5-октябрь күнү, кечинде парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык баарынан көп добуш алган беш партиянын лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, жолугушууга "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" жана "Мекенчил" партияларынын лидерлери келген.

Белгилей кетсек, биринчи төрт партия парламенттик шайлоонун алдын ала жыйнтыгы боюнча жети пайыздык ченди өтүшкөн. Алардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептелет. "Мекенчил" партиясы жети пайыздык ченге бир аз жетпей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0