Оштун мэрине шаардык кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөттү. Муниципалитеттин жообу

© Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Ошской области / Жумамидин СулайманкуловОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев, Балбак Түлөбаев жана Алишер Абдрахманов кызматын тапшырышкан эле.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров билдирди.

"Таалайбек Насирбекович мыйзамды сыйлаган адам. Аны шаардык кеңештин депутаттары шайлаган. Азыр эми ишеним көрсөтпөй жатса, мэр мыйзамга каршы чыкпайт. Мен анын кол алдында иштеген адам катары айта кетсем, Сарыбашев милдетин ачык-айкын жана чын дилинен аткарды", — деди Абсатаров.

Ал 2018-жылдын 18-июлунан бери Ош шаарынын мэри болуп келген.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында дагы нааразычылык акциялары өтүп жатат.

Буга чейин өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев, Балбак Түлөбаев жана Алишер Абдрахманов кызматын тапшырышкан эле.

Өлкө аймагында кандай окуялар болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0