Экс-президент Атамбаевдин Ниязов баштаган тарапташтары үй камагына чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана тарапташы Фарид Ниязов. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана тарапташы Фарид Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Учурда тарапташтары чекесинен абактан чыгууда.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун токтому менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган тарапташтары үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, эркиндикке чыккандардын арасында Канат Сагымбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу бар.

Ал эми Биринчи май райондук соту бул маалымат такталып жатканын кабарлады.

Жыйналган эл, жылмайган Атамбаев. Экс-ажонун абактан чыккан видеосу

Ал ортодо Facebook социалдык тармагында Кой-Таш окуясы боюнча абактагылардын сырттагы эл менен жолугушкан сүрөтү тарады. Аны "Социал-демократтар" партиясынын өкүлү Шаиста Шатманова жүктөдү.

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылышкан. Кийин эл Ак үйдү алган соң митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаковду да чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0