БШКнын жумушчу тобу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Жазылуу
Кыргызстанда 4-октябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрь күнү митингге чогулуп, Ак үйдү алышты.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. БШКнын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин VII чакырылышы үчүн өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, эми жумушчу топтун чечими БШКнын мүчөлөрүнүн кароосуна жөнөтүлүп, ошол жактан акыркы чечим кабыл алынат.

Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки болжолдуу жыйынтыгы боюнча жети пайыздык босогодон “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” өткөн. Бул жыйынтыкка нааразы болгон эл Ак үйдү басып алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0