Атамбаев ден соолугуна байланыштуу "Форумга" келген жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн саат 14:00дө элге чыгып сүйлөмөк. Бирок экс-президент келе албай калган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу "Форум" имаратынын алдына чогулган элге чыккан жок. Бул тууралуу анын тарапташы, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков журналисттерге билдирди.

Эске сала кетсек, Атамбаев менен Исаков бүгүн саат 14:00дө элге чыгып сүйлөмөк. Натыйжада экс-премьер министр гана келип, жүздөй адам менен жолуккан.

Сапар Исаков: абактан жети күнгө эле чыктым

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0