Өкмөт мүчөлөрү элге кайрылды

Жазылуу
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, түндө Ак үйдү алып койгон.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өкмөт мүчөлөрү кыргызстандыктарды стабилдүүлүктү жана мыйзамдуулукту сактоого чакырган билдирүү таратты.

Өкмөт бардык тараптарга кайрылганы айтылат.

"Мыйзамдуулукту элдин коопсуздугун жана кадыресе жашоосун камсыздоо үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сактоо зарыл. Экинчиден, экономикалык стабилдүүлүктү жана экономикалык ишмердүүлүктүн андан ары уланышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек", — деп айтылат маалыматта.

КРде бардык финансылык операциялар токтотулду

Өкмөт өз билдирүүсүндө артыкчылыктуу багытынын бири эл аралык аренада өлкөнүн кадырына шек келтирбөө экенин белгилеген.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жүктөлгөн милдетти аткарууну улантып жаткандыгын айтышты.

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Эртең менен президент Жээнбеков митинг уюштурган күчтөрдү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0