БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив

БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы абал боюнча пикирин айтты

252
(жаңыланган 12:33 07.10.2020)
Антониу Гутерриш митинг учурунда жаракат алып каза болгон адамдын өлүмүн өкүнүү менен кабыл алып, тараптарды күч колдонбоого, зордук-зомбулукка барбоого үндөдү.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абалга тынчсызданып, саясий күчтөрдү диалогго чакырды. Бул тууралуу уюмдун жаңылыктар сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, БУУ абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын бардык аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

"Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абалга тыкыр көз салып турат. Ал митинг учурунда жаракат алып каза болгон адамдын өлүмүн өкүнүү менен кабыл алып, тараптарды күч колдонбоого, зордук-зомбулукка барбоого чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал Кыргызстанга БУУ Борбор Азиядагы алдын ала сактануу дипломатиясы боюнча аймактын борбору аркылуу жардам бере аларын айтты.

Россия Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды.

Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

 

252
Белгилер:
пикир, Антониу Гутерриш, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банк: банктарга 7-октябрда иштебей турууну сунуштайбыз
Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү
"Кумтөрдүн" Бишкектеги кеңсесине белгисиз адамдар кирип барганы айтылды
Президенттик кортеждин автоунаасы. Архив

УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматына жаңы жетекчи дайындалды

308
(жаңыланган 20:15 19.10.2020)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын (мамлекеттик күзөт) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангында болот.

УКМКнын 9-кызматы өлкөнүн биринчи адамдарын жана статусу бар экс-президенттерди кайтарат.

308
Белгилер:
жетекчи, кайтаруу, кызмат, УКМК
Тема боюнча
Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Шайиста Шатманова

Шайиста Шатманова ЭлТР каналына башкы директор болуп дайындалды

288
(жаңыланган 18:46 19.10.2020)
Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорлугуна Шайиста Шатманова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган телеканалды Керимбек Калыкулов башкарчу. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал ээлеген ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Шатманова "Супер инфо" гезитинин башкы редактору, кийин басылманын жетекчиси болуп иштеген.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Кийин ал кызматынан кетип, Социал-демократтар саясий партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышкан.

288
Белгилер:
жарлык, кызмат, телеканал, ЭлТР
Тема боюнча
Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду
Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды
Ооруканадагы палата. Архивдик сүрөт

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме

0
Учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылганы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19га кабылган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылды.

COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жаткан ооруканалар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Темир жол ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү.

Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Аталган ооруканаларда жалпысынан 561 орун даярдалган. Бирок кайсы медициналык мекемеде канча бош орун бар экенин министрликтин картасына (map.covid.kg) кирип карап алуу зарыл.

0
Белгилер:
тизме, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты