Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков
Россиянын президенти Владимир Путин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана ишине ийгилик, ал эми Россия элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Эки элдин байланышын кеңейтүүгө жана аны өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз зор. Кыргызстан Россиянын бекем жана туруктуу союздашы, өнөктөшү болгон жана боло берет. Эки элдин достугу кылымдар бою уланып келген жана ошол бойдон сакталып калат", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчы Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана ишине ийгилик, ал эми Россия элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0