Ош шаарында нааразычылык акциясы

Ошто бийлик талаш бүтө элек. Шаардагы азыркы абал кандай

262
(жаңыланган 15:32 07.10.2020)
Ош облусунда мэр жана өкмөттүн өкүлүнүн кызматы ушу тапта талашта. Бир нече киши сунушталып, чуркап жатышат. Арасында өзүн-өзү мэр жарыялап алгандары да бар.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош облусунда жана Ош шаарында бийлик талаш токтой элек.

Митинги на центральной площади города Ош после окончания парламентских выборов
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош облусунда жана Ош шаарында бийлик талаш токтой элек

Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдиргендей, азыр борбордук аянтка 200дөй киши чогулуп, алар Оштун мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовду кайра кызматына кайтаруу талабын коюшууда.

Эске салсак, буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

6-октябрда кечинде муниципалитеттин имаратына Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду Ош шаарынын мэринин ордуна сунуштап 200 киши келген. Алар мэрдин кабинетинин иш бөлмөсүнө киргенден кийин Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Эске салсак, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин депутаты.

Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Бирок кечээ митингге чыккандардын көбү бул орунга мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду сунушташкан. Мырзакматов Кыргызстанга келип, чогулган эл менен жолугуп кызматын тапшырган экс-мэр Таалайбек Сарыбашов жана анын ордун ээлеп алган Дүйшөн Төрөкулов менен да сүйлөшө турганын белгилеген.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү да талашта. Кабарчынын айтымында, бул кызматты Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болуп иштеген Төлөгөн Келдибаев ээлеп алган. Бирок көп өтпөй ал жакка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Калмамат Анапияев барып, Келдибаевди ур-соккуга алып, креслону тартып алган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, Ошто кечээ өткөрүлгөн митингден кийин талап-тоноо фактысы катталган эмес.

262
Белгилер:
талаш, кызмат, бийлик, Митинг, өкүл, Ош мэриясы
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Мэрликти талашкандар жана мародерлор. Өткөн түндөгү 6 окуя
Табличка у здания судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики в городе Бишкек

Парламенттик шайлоо: Жогорку сот БШКнын даттануусун карабай койду

3
(жаңыланган 11:50 29.10.2020)
Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салгандан кийин комиссия Жогорку сотко кайрылган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн жокко чыгаруу боюнча даттануусун караган жок. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирген БШКнын кассациялык арызы 28-октябрда түшкөн. Бүгүн Жогорку сот мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок болгондуктан доо арызды кайра кайтарган. Азырынча БШКнын юристтери кайрадан датанаар-даттанбасы тууралуу маалымат жок.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Андан соң Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья комиссия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой https://sputnik.kg/politics/20201026/1050203006/bshk-parlamenttik-shayloo-sot-chechimi.html Жогорку сотко кайрылышкан.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясына 48 саясий партия https://sputnik.kg/politics/20201025/1050192113/bshk-parlamenttik-shajloo-48-partiya-bildiruu.html шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Рубрика: Коом

Инжект: https://sputnik.kg/politics/20201023/1050170308/sadyr-zhaparov-shajloolor-mart-butot.html

https://sputnik.kg/politics/20201028/1050232266/kyrgyzstanda-besh-partiya-birigip-bijlikke-talap-kojdu.html

https://sputnik.kg/politics/20201026/1050209579/prezidenttik-shayloo-chygym.html

Теги: БШК шайлоо өткөрүү сот чечим

3
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

126
(жаңыланган 10:53 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын орду 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда мэриянын алдында кайрадан митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

126
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти