Вид с высоты на здание Жогорку Кенеша на проспекте Чуй после захвата митингующими

Люстрация мыйзамы ишке кирсе кимдер бийликтен кол жууйт. Түшүндүрмө

6982
(жаңыланган 14:50 19.10.2020)
Люстрация — тазалануу дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк тажрыйбада айрым аткаминерлерди мыйзамдык жактан чектөө менен саясий айдыңды тазалоо максатында колдонулат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече жылдан бери демилгеленип келген люстрация мыйзамы бул жолку толкундоодо дагы кайрадан сөз болуп жатат.

Тагыраагы, бүгүн Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болуп,  Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан топ люстрация талап кылууда.

Люстрация деген эмне, бул мыйзам эмнени көздөйт? Суроого Sputnik агенттигинин кабарчысы ачык булактардан жооп издеп көрдү.

Люстрация — тазалануу дегенди түшүндүрөт. Дүйнөлүк тажрыйбада айрым аткаминерлерди мыйзамдык жактан чектөө менен саясий айдыңды тазалоо максатында колдонулат. Көбүнесе мурдагы бийликтин мыйзамсыз иштерине көз жумуп же ага аралашып жүргөн адамдарга каршы иштейт.

Башкача айтканда, мамлекеттик аппарат мурдагы бийликтин идеологиясын жана саясатын колдоп, ишке ашырып жүргөн аткаминерлерден тазаланат. Ошондой эле аларга жогорку саясий жана аскердик кызматтар берилбейт. Зарыл болгон учурда кылмыш жазасына тартылып, бардык айыптары ЖМКлар аркылуу элге жарыяланат.

Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Мыйзамдын негизги үч принциби:

  • ал кайсы бир адам же саясий топтун куру айыптоолору менен эмес, мыйзам түрүндө бийликке келген, эл өзүнүн башчысы катары тааныган адамдар тарабынан жүргүзүлөт; 
  • люстрация мыйзамы кишинин күнөөсү далилденгенде гана ишке ашышы керек. Ошондой эле жаза ал кылган күнөөгө теңме-тең белгиленет;
  • айрым кишилер кайсы бир бийликтин саясатына макул болбосо деле алар менен иштешип жүрө бериши мүмкүн. Анткени мамлекеттик кызматкердин милдети жана маданияты деген түшүнүк бар. Албетте, ал адам ишин таштап кетсе болмок. Бирок үй-бүлөлүк шарты же кесипти ашмаштырууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу сыяктуу кырдаалдар болушу ыктымал. Бул нерселерге да көңүл бурулушу керектиги айтылат.

Кыргызстанда

Кыргызстанда тазалануу же люстрация мыйзамын 2010-жылдагы 7-Апрель окуясынан кийин алгачкылардан болуп коомдук ишмер, ошол кездеги  убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев активдүү демилгелеген.

Анда "Люстрация жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу үчүн референдум өткөрүү көздөлгөн. Бирок демилгелүү топ макул болгон жарандардын кол тамгаларын учурунда тапшырбагандыгы үчүн референдум ишке ашкан эмес.

Акыркы ирет "Люстрация" бирикмеси Юстиция министрлигине "Люстрация жана Кыргыз Республикасындагы коррупцияны алдын алуу" деп аталган мыйзам долбоорун каттоого алуу сунушун берген. Бирок ведомство ушул жылдын апрель айында аны каттоодон баш тарткан.

Партия мүчөлөрү акча талап кылса эмне кылуу керек? Сурабалдиеванын кайрылуусу

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

6-октябрь күнү кечинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды.

Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, люстрация талап кылууда.

6982
Белгилер:
люстрация, саясатчы, талап, Митинг, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы абал боюнча пикирин айтты
Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев. Архив

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

38
(жаңыланган 12:15 26.10.2020)
Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды колдобой турганы айтылат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан бидиришти.

"Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептелерин расмий билдиребиз. Аны 21-октябрь күнү отставкага кеткен мурдагы жетекчи Азиз Суракматов дайындаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды тааныбайт.

Түлеев мэрияда кырдаал тынчыбаса кайра кызматка келип аларын эскертти

Ошондой эле шаар жетекчилигинен, мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер арыз жазгандан тарта, эгер жетекчилиик ага кол кое элек болсо, үч күндүн ичинде чечимин өзгөртсө болорун кошумчалашты.

"Түлеевди кызматтан бошотуу боюнча чечим бүгүнкү күндө жок. Андыктан ал юридикалык жактан дагы, факты түрүндө дагы биринчи вице-мэр боюнча калат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

38
Белгилер:
арыз, Бишкек мэриясы, Бишкек, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби
Степанакертке жакын жерде зенит-ракеталык комплекси. Архивдик сүрөт

Азербайжан менен Армения жаңы элдешүүгө келмей болду

18
(жаңыланган 12:14 26.10.2020)
Элдешүү боюнча биринчи аракеттер Москвада 10-октябрга караган түнү болгон кеңешүүлөрдө башталып, бирок ал майнабын берген эмес.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Зограб Мнацаканян АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган менен жолугуп, анын соңунда Тоолуу Карабах маселесинде элдешүү болгонун айтышты. Бул туурасындагы маалымат Американын мамлекеттик департаментинин сайтына жазылгандыгын РИА Новости кабарлады.

Маалыматта ок атууну токтотуу 26-октябрь саат 08:00дө ( Бишкек убактысы боюнча 10:00) күчүнө кирери айтылган.

"АКШ тышкы иштер министрлер менен Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагаларынын сүйлөшүүлөрүнүн ыкчам жүрүшүнө көмөкчү болду. Ал Азербайжан менен Армениянын ынтымакка келип, Тоолуу Карабах чырынын чечилиши эле", — деп айтылган маалыматта.

Тараптар Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагаларынын Карабах боюнча 1-октябрдагы билдирүүсүнүн негизинде 10-октябрда Москва шаарында айтылган келишимдерди сактоого ынтызар экендигин айтышкан.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Twitter баракчасына эки жак дүйшөмбүдөн тарта ок атууну токтотуу тартибин карманууга милдеттенме алганын тастыктаган.

Элдешүү боюнча биринчи аракеттер Москвада 10-октябрга караган түнү болгон кеңешүүлөрдө башталган. Азербайжан менен Армениянын ТИМ жетекчилерин Россия борборуна президент Владимир Путин чакырган. Жолугушуунун аягында Баку менен Ереван 10-октябрда согушту токтотуп, туткундарды, каза болгондордун сөөгүн алмашууга макулдашкан. Бирок эки тарап дароо эле бири-бирин келишимди бузгандыгы боюнча күнөөлөөгө өткөн.

Кийин 18-октябрда кайрадан гумантитардык элдешүү аракети жасалып, бирок андан эч нерсе чыккан эмес.

Карабахтагы абал

Аймакта кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө Баку менен Ереван бири-бирин чатактын баштоочусу катары күнөөлөп келет.

Армения согуштук абал киргизип, жалпы мобилизация жарыялаган да, 18ден 55 жашка чейинки эркек кишилердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады

Азербайжанга да коменданттык саат киргизилип, жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Бул чатактын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылууда. Дүйнөлүк коомчулук эки тарапты эсине келип согуш отун токтотууга чакырган.

18
Белгилер:
чатак, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү
Карабах чыры. Азербайжандык MMA мушкери армияга чакырылды
Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты
Ресторан. Архив

Министр: той-аштарга чектөө кайра күчөтүлүшү мүмкүн

0
(жаңыланган 12:31 26.10.2020)
Министр оору жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштаганын айтты. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Той-аштарга киргизилген чектөөнү күчөтүш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштады.

"Саламаттык сактоо министрлиги тойлорду, массалык иш-чараларды токтотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатабыз. Министрлик чектөө киргизүүдө өз алдынча токтом кабыл ала албайт. Бүгүн бул маселени биринчи вице-премьер менен дагы талкуулайбыз. Эгер алар сунушубузду кабыл алса, анда той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Билсеңиздер, тойлорго чектөө коюлган токтом мурда эле чыккан. Бирок аны аткарган адам жок, ошону күчөтүү зарыл", — деди министр.

Өткөн суткада 420 киши коронавирус жуктурса, 227 бейтап айыкты

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

0
Белгилер:
министр, чектөө, той, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19га кабылгандар кайсы ооруканага кайрыла алат? Бишкектеги бош орундар
COVID: Кызыл Ай коомунун Бишкектеги ыктыярчылар бригадасы ишке киришти