КРден Армениядагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынына эч ким барбай калышы мүмкүн

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык биримдигинин мамлекеттерин флагтары. Архив
Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттерин флагтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат катчы тактай кеткендей, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү арызын жазган. Бирок ага президент кол кое элек. Демек, өкмөт өз милдетин аткарып жатат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин Ереван шаарында өтө турган өкмөттөр аралык кеңешмесине өз өкүлүн жөнөтпөй калышы ыктымал. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Аталган иш-чара 9-октябрь күнү Армениянын борбор калаасында болот.

"Биз тараптан ал жакка эч ким барбайт окшойт", — деди Эсенгул уулу.

Маалымат катчы тактай кеткендей, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү арызын жазган. Бирок ага президент кол кое элек. Демек, өкмөт өз милдетин аткарып жатат.

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Люстрация мыйзамы ишке кирсе кимдер бийликтен кол жууйт. Түшүндүрмө

7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылган. Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Көп өтпөй алар "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуштап, учурда өкмөт үйүндө талаш-тартыш болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0