Суваналиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы менен сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКүч органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиев. Архив
Күч органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүү учурунда Кыргызстандагы коомдук-саясий абал, улуттук коопсуздукту жөнгө салуу, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча пикир алышуу болду.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Күч органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) башчысы Александр Бортников менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда Кыргызстандагы коомдук-саясий абал, улуттук коопсуздукту жөнгө салуу, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча пикир алышуу болду.

"Маектештүү конструктивдүү жагдайда өттү. Александр Бортниковдун айтымында, эки өлкөнүн атайын кызматтары мындан ары дагы эл аралык келишимдердин негизинде иштей бермекчи", — деп айтылат билдирүүдө.

ФКК башчысы Кыргызстандын күч органдары кырдаалды турукташтыра аларына ишенерин кошумчалады.

Өз кезегинде Суваналиев Бортниковго Россия тараптан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0