Садыр Жапаров легитимдүү өкмөт башчы экенин айтып, иштей баштады

© Фото / пресс-служба ЖКЭркиндикке чыккан саясатчы Садыр Жапаров
Эркиндикке чыккан саясатчы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөт башчы айрым күчтөр ушул түнү курал колдонуп, бийликти алууга кам көрүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Эркиндикке чыккан саясатчы Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, ишин баштады.

Ал учурда өкмөттүн ишин көзөмөлгө алып, бардык структуралар штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.

Жапаровдун айтымында, экинчи революция жасоону көздөгөн дагы бир топ күчтөр бар. Алар өкмөт үйүн басып алышкан.

Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөт башчы айрым күчтөр ушул түнү курал колдонуп, бийликти алууга камынып жатканын, алардын артында "чоң күчтөр" бар экенин белгиледи.

Жапаров бул маалыматты дагы бир жолу тактап, башаламандык уюштурат делген адамдардын аты-жөнүн айтыш үчүн журналисттерди дагы чакыра турганын айтты.

"Бийликти өзүм басып алган жокмун. Кечээ расмий түрдө депутаттар ушул орунга бекитишти. Эми жоопкерчилик менин мойнумда. Легитимдүү өкмөт башчымын. Координациялык кеңештин өкүлдөрү менен дагы жолугуп, элди, өлкөнү бөлүп-жарбоого чакырдым", — деди Жапаров.

Эгер кимдир бирөө курал колдоно турган болсо, ал буга жооп бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0