Ош шаарына кайрадан Таалайбек Сарыбашов мэр болду

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов
Мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Сарыбашовго Ош шаардык кеңеши ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин ал кызматтан кеткенин жар салган. Ордуна ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов келгени айтылган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарын кайрадан мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов башкармай болду. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Эске салсак, ушул тапта Ошто Таалайбек Сарыбашовду колдогон митинг өтүп жатат. Кечээ ага Ош шаардык кеңеши ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин кызматтан кеткенин жар салган. Ордуна ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов келген болчу.

Маалыматка караганда, бүгүн эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, мэрликке кайрадан Сарбашовду алып келишкен.

"Бир аз мурда Таалайбек Сарыбашов кайрадан кызматтык кабинетине кирип, өзүн мыйзамдуу мэр катары жарыялап, мындан ары шаардын коопсуздугуна жооп берерин айтты. Ошондой эле ал Ош шаардык кеңешинин буга чейин ага ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн мыйзамсыз деп эсептээрин билдирди", — деди кабарчы.

Сарыбашов менен Төрөкуловдун элге жасаган билдирүүсүнө караганда, кечээ, 6-октябрь күнү, шаарда тынчтык орноп эл арасында пикир келишпестиктер болбошу үчүн убактылуу жаңы мэр даярдап туруу чечими кабыл алынган.

Ал эми 7-октябрга караган түнү Кыргызстанга учуп келген Мелис Мырзакматовдун тарапташтары азырынча унчукпай турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0