Жээнбеков: саясий туңгуюктан чыгуу үчүн менден талап кылынчу кадамдарга даярмын

Жазылуу
Мамлекет башчы кыргызстандыктардын сабырдуулугуна таазим этип, саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтө турганын кошумчалаган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу элге кезектеги кайрылуусун жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков өз сөзүндө азыркы абалдан тезирээк чыгууга болгон күчүн жумшай турганын айткан.

"Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө саясий туңгуюкка кептелгенине үч күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды түшүнөм. Абалдан тезирээк чыгуу үчүн ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам. Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет билдирем. Бирок алар менен сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн жарлыктарга кол коюп, парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек. Саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл", — деп айтылат кайрылууда.

Өлкө башчы кыргызстандыктардын сабырдуулугуна таазим этип, саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтө турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өлкөдө 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан. Премьер-министр менен Жогорку Кеңештин төрагасы отставка тууралуу арыз жазганы менен алардын кызматтан кеткени боюнча жарлыктар чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0