Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Президенттин администрациясы: Жээнбеков кызматын тапшырууну пландаган жок

1336
(жаңыланган 00:00 09.10.2020)
Бүгүн, 8-октябрда, премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч эле кетип калайын деп айттырып жибергенин билдирген.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүнү пландаган жок. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага таянып кабарлады.

Буга чейин Стамалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулаганын айткан.

Ошондой эле ал өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл ала электигин да белгилеген.

КР президенти кандай шартта мөөнөтүнөн мурда кетет. Жол-жобосу

Анткен менен бүгүн, 8-октябрда, премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч эле кетип калайын деп айттырып жибергенин билдирген.

 

1336
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Спикер Жээнбековго: депутаттар президентти кызматтан четтетүү аракетин баштады
Жапаров: Сооронбай Жээнбеков тынч эле кетип калайын деп айттырды
Жээнбеков Бороновдун отставкага кетүү боюнча арызына кол коё элек
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

35
(жаңыланган 12:57 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

35
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди
Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев. Архив

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

69
(жаңыланган 12:15 26.10.2020)
Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды колдобой турганы айтылат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан бидиришти.

"Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептелерин расмий билдиребиз. Аны 21-октябрь күнү отставкага кеткен мурдагы жетекчи Азиз Суракматов дайындаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды тааныбайт.

Түлеев мэрияда кырдаал тынчыбаса кайра кызматка келип аларын эскертти

Ошондой эле шаар жетекчилигинен, мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер арыз жазгандан тарта, эгер жетекчилиик ага кол кое элек болсо, үч күндүн ичинде чечимин өзгөртсө болорун кошумчалашты.

"Түлеевди кызматтан бошотуу боюнча чечим бүгүнкү күндө жок. Андыктан ал юридикалык жактан дагы, факты түрүндө дагы биринчи вице-мэр боюнча калат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

69
Белгилер:
арыз, Бишкек мэриясы, Бишкек, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби