"Мени эл шайлады!" КР мыйзамы боюнча жогорку кызматка кантип келишет

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында кишилер митинг учурунда
Ала-Тоо аянтында кишилер митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы эки күндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Айрым адамдар тарапташтарынын колдоосу менен өздөрүн жогорку кызматтарга "дайындап" алышты. Мындан улам Sputnik кызматка дайындоолор мыйзам боюнча кандайча жүргүзүлүшү керектигин эске салат.

Бишкекте Ак үйдү басып алуудан кийин айрымдар түрдүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлегени маалым болду. Ошол эле учурда мындай дайындоолор үчүн жол-жобо каралганын белгилей кетели.

Премьер-министр жана министрлер

Депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон Жогорку Кеңештин фракциясы же коалиция премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер көрсөтөт. Талапкер ЖКга программасын, өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча сунуштарын киргизет. Алгач алар тиешелүү комитет, андан кийин жалпы парламент тарабынан бекитилиши керек. Эгерде премьер-министрдин талапкерлиги жактырылса, президент үч күндүн ичинде министрлер кабинетинин башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Жарлык чыкпаган учурда деле өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Учурдагы өкмөттүн министрлерин жана башка мүчөлөрүн (вице-премьер-министрлер, мамлекеттик комитеттердин башчылары) алмаштыруу үчүн парламенттин макулдугу талап кылынат, бирок шарт өзгөргөн да учурлар болот.

Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы

Башкы прокурор

Президент аны Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде жарымынын макулдугу менен дайындайт.

Мамлекеттик кызматтын башчылары

Мамлекеттик агенттиктердин, инспекциялардын, кызматтардын жана фонддордун башчылары премьер-министр тарабынан дайындалат.

УКМК, ККнын Башкы штабынын жана КИБКнын башчылары

Алардын бардыгын президент өзү кызматка бекитет. Бул жерде парламенттин макулдугунун кереги жок.

Өкмөт өкүлдөрү

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн премьер-министр дайындайт.

Шаардын мэрлери

Калаа башчыларын жергиликтүү кеңеш шайлайт. Ал эми фракциялар, фракция коалициялары жана премьер-министр талапкерлерди көрсөтө алат.

Акимдер

Аларды премьер-министр жергиликтүү кеңештин сунушу менен дайындайт.

Айыл округдарынын башчылары

Айылдык кеңештин депутаттары айыл округунун башчысын шайлоо укугуна ээ. Ошондой эле талапкерлерди депутаттар менен райондун акими көрсөтө алат.

"Чоң казаттын" мүчөлөрү эмнеге министр болуп алышты? Мамыткановдун жообу

Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери

Эскерте кетсек, директорлор кеңеши — акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде компанияны жалпы башкарууну жүзөгө ашырган башкаруу органы. Ал директорлор кеңеши аныктаган стратегияны жана саясатты ишке ашырууну камтыган күндөлүк иш-аракеттерди тескейт. Башкаруу органы коллегиянын алдында отчёт берет.

Директорлор кеңеши (жалпы жетекчилик) акционерлердин чогулушунда шайланат. Ал өз кезегинде учурдагы иш-аракеттер менен алектенген коллегияны шайлайт. Эгерде директорлор кеңеши жок болсо, кеңеш акционерлер тарабынан шайланат.

Эскерте кетсек, акциялардын мамлекеттик пакеттери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башкаруусунда, башкача айтканда, ал акционердин милдетин аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0