Мэрликке келеби? Мелис Мырзакматов шаар башчысынын кабинетинен маек курду

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-мэр бүгүн калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун кабинетинде журналисттерге интервью берди.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мэрлик кызматка баруу ниети жок экенин билдирди.

Ал бүгүн калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун кабинетинде журналисттерге интервью берди.

Андан Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мэрдин иш бөлмөсүндө эмне кылып жүргөнүн сураган. Бул маалда учурдагы мэр Таалайбек Сарыбашов кабинетте жок экени белгилүү болду.

"Мен шаардагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Таалайбек Сарыбашовго көмөктөшүп жатам. Эч жакка барбайм, мэр болбойм. Тигилерге, саясатчыларга, айтып койгулачы, мен келе жатканда учакты алты саат киргизбей, асманда кармап турушту. "Бул келсе саясатка кирип алат, мэр болуп алат" деп коркушту", — деди Мырзакматов.

Бирок ага кимдер кысым көрсөткөнүн ачыктаган жок.

Мырзакматов Түркияда чарбалык иштер менен алектенип жүргөнүн, кайра кете турганын белгиледи.

Эске салсак, Мырзакматов Бишкекте эл Ак үйдү басып алгандан кийин 7-октябрга караган түнү Ошко учуп келген. Ал мэрлик кызматка кайра отурары боюнча кептер тараган.

Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. Бирок бул убакта ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0