Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Жээнбеков Бороновдун отставкага кетүү боюнча арызына кол коё элек

360
(жаңыланган 20:57 08.10.2020)
Буга чейин өкмөттөн структуралар иштеп жатканын, себеби премьердин отставкага кетүү боюнча арызына президент кол коё электигин билдиришкен.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл ала элек. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Бороновдун отставкага арыз жазганы маалым болгон. Бирок ага президент кол коё электигине байланыштуу өкмөттүн азыркы курамы иштеп жатат.

360
Белгилер:
отставка, Кубатбек Боронов, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Спикер Жээнбековго: депутаттар президентти кызматтан четтетүү аракетин баштады
Мырзакматов: Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов менен жолуктум
Жапаров: Сооронбай Жээнбеков тынч эле кетип калайын деп айттырды

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

809
(жаңыланган 21:28 28.10.2020)
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин алдында ант беришти.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Алар кызматка киришип жатып ант берүүгө милдеттүү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниетим менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга иш сапар менен кеткендиктен ант берүү аземине катышкан жок.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы парламент колдобой койду. Мындан улам эки министр ант бербей калды.

Соңунда Садыр Жапаров аларга кайрылып, болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

809
Белгилер:
вице-премьер-министр, ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Акылбек Жапаров үч күн таптырбай кайда жүргөнүн айтты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга барды

156
(жаңыланган 19:54 28.10.2020)
Жумушчу сапардын алкагында Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 28-октябрда, Казакстанга жумушчу сапары менен барды.

Сапардын алкагында Руслан Казакбаевдин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Казакбаев Казакстандын бир катар мамлекеттик органдарынын жана коммерциялык уюмдарынын жетекчилери менен баарлашат.

“Эки тараптуу жолугушуу учурунда саясат, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук сферасы жана башка кызыкчылыктар талкууланат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Руслан Казакбаев Россияга барып кесиптеши Сергей Лавров менен баарлашкан.

156
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда
ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү