Жалал-Абад менен Таластын жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү кызматына кайтышты

Жазылуу
Таластын облус башчысы Марат Мураталиев менен Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев легитимдүү өкмөттүн буйругу келген күнү кызматтарын тапшырарын белгилешти.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев кызматына кайтып, кайра иштеп баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Мындан сырткары, Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков, Ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков да жаштардын демилгеси менен мурда ээлеген ордуна кайтып, жумушун башташкан.

Талас облусун бир күн башкарган, тагыраагы, бир күн өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Нуркан Токторбаев Мураталиевдин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалганы маалым болду.

Марат Мураталиев легитимдүү өкмөт шайлангыча аймактын тынчтыгы үчүн иштеп берерин айткан.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты

Жалал-Абад мэри Мураталы Тагаев да кайрадан жумушуна келгенин аймактык кабарчы маалымдады.

Ал кызматка элдин суранычынан улам кайтканын айтып, легитимдүү өкмөттүн буйругу келген күнү кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, 6-октябрь күнү шаардык мэрияга эл чогулуп, мэрдин кызматтан кетүүсүн талап кылган. Тагаев өз каалоосу менен арыз жазып, кызматын тапшырган. Кийин шаардык кеңештин чечими менен убактылуу мэр болуп Нуртилек Орозбаев дайындалган. Бирок элдин өтүнүчү менен Мураталы Тагаев кайра өз ордуна келип, ишин баштаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0