Садыр Жапаровду уктук. Оштун мэри кызматка кантип кайтканын айтты. Видео

© Sputnik / Эламан Карымшаков Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов
 Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр ЖК депутаттары Садыр Жапаровду дайындагандан кийин аны премьер-министр катары таанып жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип, кайра кызматка кантип кайтканын айтып берди.

Ал биринчи күнү эл көп чогулуп, башаламандыктын айынан кызматын тапшырууга аргасыз болгонун билдирди.

"Бишкекте ызы-чуу болгондон кийин бир партиянын балдары келип мэрликти талашты. Анын да, менин да тарапташтарым сыртта чогулуп калгандыктан коопсуздук үчүн бир күнгө бошотуп берүүгө туура келди. Эртеси мени колдогон эл аянтка чогулуп "келсин" деп чакырышты. Экинчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлаган премьер-министр Садыр Жапаровдун "бардык аким, мэрлер кайра кызматына кайтсын" деген кайрылуусун уктук. Ошонун негизинде ишибизди улантып жатабыз", — деди Сарыбашов.

Ошондой эле ал ЖК депутаттары Жапаровду кызматка дайындагандан кийин аны премьер-министр катары таанып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0