Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти

Жазылуу
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкасын кабыл алган жарлыкка кол койду.

Жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. 

“Ага ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнчө милдеттерин убактылуу аткарып турат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышкан.

Эртеси Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда жаңы дайындалган төрага Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Боронов кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын айткан. Кечээ, 8-октябрь күнү, президенттин маалымат кызматы Бороновдун отставкасы кабыл алына электигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0