Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда. Архивное фото

Боронов өкмөт башчынын милдетин аткарбай турган болду

369
(жаңыланган 15:15 09.10.2020)
Белгилей кетсек, мыйзам боюнча эми анын милдетин биринчи вице-премьер Алмазбек Батырбеков аткарат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин аткаруучулуктан дагы бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кубатбек Бороновдун отставкасы кабыл алынган эле.

"Кубатбек Бороновду өкмөт башчынын милдетин аткаруучулуктан дагы бошотуу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча эми анын милдетин биринчи вице-премьер Алмазбек Батырбеков аткарат.

369
Белгилер:
жарлык, отставка, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти
УКМКнын жетекчиси кызматтан кетти
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

9
(жаңыланган 12:53 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин Иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок, анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы 27-июлда Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарга чейин иштеген.

9
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди
Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев. Архив

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

63
(жаңыланган 12:15 26.10.2020)
Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды колдобой турганы айтылат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан бидиришти.

"Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептелерин расмий билдиребиз. Аны 21-октябрь күнү отставкага кеткен мурдагы жетекчи Азиз Суракматов дайындаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды тааныбайт.

Түлеев мэрияда кырдаал тынчыбаса кайра кызматка келип аларын эскертти

Ошондой эле шаар жетекчилигинен, мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер арыз жазгандан тарта, эгер жетекчилиик ага кол кое элек болсо, үч күндүн ичинде чечимин өзгөртсө болорун кошумчалашты.

"Түлеевди кызматтан бошотуу боюнча чечим бүгүнкү күндө жок. Андыктан ал юридикалык жактан дагы, факты түрүндө дагы биринчи вице-мэр боюнча калат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

63
Белгилер:
арыз, Бишкек мэриясы, Бишкек, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби