Бишкектеги митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан

Бишкектеги ири митинг: саясий күчтөр бирикти. Тексттик баяндама, сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстандагы саясий кырдаал улам курчуп бара жатат. Бүгүн Бишкекте бир нече ири митинг өтмөкчү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары митингдердин чордонунда болуп, окуялардын жүрүшү боюнча айтып бермекчи.

Алардын бири учурда жүрүп жатат. Садыр Жапаровдун тарапташтары эртең менентен бери атын айтып кыйкырып, өкмөт үйүнүн жанында жүрүшөт.

Мындан сырткары, "Технопаркта" Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулат. Дагы бир акция "Медиафорумда" саат 14:00дө башталмакчы.

Алар Бишкектин борборуна шаардын ар кыл тарабынан агылып келип, "Ала-Тоо" аянтынан жолугарын айтышты.

Кыргызстандагы элдик толкундоолор 5-октябрда башталган. Ага парламенттик шайлоонун жыйынтыгы себепкер болгон. 6-октябрь түнү митингчилер Ак үйгө кирип баргандан бери абал тынчый элек.

Мазмуну
17:43 09.10.2020
15:27 09.10.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:40 09.10.2020
21:35 09.10.2020

Массенжерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында тарап жаткан билдирүүгө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тиешеси жок. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков билдирди.

 "Биздин агенттик Садыр Жапаровдун кармалышы жана Алмазбек Атамбаевдин автоунаасын аткан адамдын өздүгү аныкталышы тууралуу кабары жок. Фейк маалыматтын мазмунун жана одоно кетирилген каталарды көрүп, текстти кесипкөй эмес адамдар жазганын байкоого болот. Биздин журналисттер мындай кабарларды жазууга жол бербейт", — деп белгиледи Алымбеков.

 

 

20:38 09.10.2020
20:20 09.10.2020

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болгон митингде беш киши жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, үчөө ооруканага жатты, абалдары орточо оор. Ал эми эки киши амбулатордук түрдө дарыланууда.

 

 

19:35 09.10.2020

Бишкекте өзгөчө абал бүгүн, 9-октябрь, саат 20:00дөн тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, бүгүн мамлекет башчы борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жээнбеков Бишкекке армия менен аскер техникасын киргизүүнү тапшырды

"Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамдын 4-беренесине ылайык, президент социалдык мүнөздөгү кризистик кырдаалдар болгон учурда жарандардын коопсуздугун камсыздоо же конституциялык кызыкчылыгын коргоо максатында өзгөчө абал киргизилиши мүмкүндүгү туурасында алдын ала кабарлайт. Ал эми өзгөчө абал айрым жерлерге алдын ала жарыяланбай эле киргизиле тургандыгын Жогорку Кеңеш токтоосуз билдирет.

"Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен үч күндөн кем эмес аралыкта президенттин өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизүү же аны алып салуу тууралуу жарлыгын бекитет. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган нааразычылыктар токтой элек.

 

 

19:29 09.10.2020
18:56 09.10.2020
18:52 09.10.2020
18:45 09.10.2020

Бул туурасында Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева айтып, бир аздан соң расмий маалымат чыгарын билдирди. 

18:39 09.10.2020

Видеодон бир нече адам Токтогазиевдин колу-бутунан алып бара жаткандыгын көрүүгө болот.  Аны көтөрүп бара жаткандар "Тилек, чыда" деп кыйкырып жатат.

 Буга чейин Токтогазиевди "Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика", "Реформа" партиялары вице-премьерлик орунга сунуштаган. Буга чейин Токтогазиев ага коркутуулар болуп жаткандыгын айткан эле.

18:11 09.10.2020
17:48 09.10.2020

Ыктыярчылар "Ала-Тоо" аянтынан эки ок таап алышкандыгын айтышты. Ага чейин атышуунун үнү угулган.

17:46 09.10.2020

Ал эми аянтта калган бөлүгү "Садыр" деп кыйкырып жатышат.

17:44 09.10.2020
17:42 09.10.2020

Элдин мындан бир нече саат мурдагыдай активдүүлүгү байкалбай, борбодук аянтта жана анын чет жакасында басып жүргөдүктөрүн көрүүгө болот. 

17:33 09.10.2020
17:31 09.10.2020

Учурда экинчи тараптын митингчилери аянтта "Садыр" деп кыйкырып жатышат. Алар Манастын эстелигинин алдындагы трибунаны ээледи

17:29 09.10.2020
17:28 09.10.2020

Аянттагылар ар тарапка жарыла качты. Бири-бирине кол көтөрүү башталды.

17:24 09.10.2020

Аянтта башаламандык башталды. 

17:23 09.10.2020
17:21 09.10.2020
17:18 09.10.2020
17:13 09.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.

Өзгөчө тартип бүгүн саат 20.00дөн тарта башталат. Комендант болуп Алмаз Орозалиев дайындалды.

 

 

Митинг на площади Ала-Тоо в Бишкеке после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди
17:03 09.10.2020
16:57 09.10.2020
Ситуация на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16:47 09.10.2020
16:40 09.10.2020
16:35 09.10.2020
16:34 09.10.2020
16:25 09.10.2020
15:52 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
15:49 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
15:47 09.10.2020
Ситуация у дома правительства в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:42 09.10.2020

Атамбаев ал улуу муундагылардын аянтка барбай, ошол жерде калышын суранды. Алар менен жаштар кошо бара тургандыгын айтты. 

15:41 09.10.2020

Атамбаев күч түзүмдөрүнө кайрылды. "Элди ойлогула, элинерди атпагыла.  Бүгүн мушташка алып барбайлы", - деди ал.

15:37 09.10.2020

"Азыр Ак үйдү көздөй барабыз. Башка партиялар дагы кошулуп жатат.  Бул жерди иним, Өмүрбек Токтогулов отурат. Рахмат, ага... Азыр ошол жерден калган сөздү айтабыз", - деди Атамбаев. 

15:27 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
15:24 09.10.2020

Атамбаев: Мен күчкө салып бийликти алам дегенге каршымын. Мындай оюндарга каршымын. Бул кырдаалды тынч жол менен бүтүрүш керек. 

15:20 09.10.2020

Атамбаев: Буюрса, кыргыздын жерине көмүлөм деп ойлоп жаттым. Кудай, чындык бар деп ойлодум.   

Атамбаевге чындык элдин тынчтыгы керек! 

15:17 09.10.2020
15:12 09.10.2020

"Беш күндөн бери башчылар, баш иштебей, бандиттер менен басмачылар иштеп жатат", - деп сөзүн баштады Момбеков.

"Ынкылапты шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жасаганбыз", - деп улады ал.

 

15:07 09.10.2020

Ошол жерде жүргөн кабарчыбыз Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев чыгып сүйлөгөнүн кабарлады. Ал Садыр Жапаровдун талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканда, депутаттарга кысым көрсөтүлгөндүгүн айткан. 

15:06 09.10.2020

Бир катар маалыматтарга таянсак, "Форумдун" алдына 1000ге чукул киши чогулган. Аларды катарына кеоип кошулганлар болууда. 

15:05 09.10.2020
14:55 09.10.2020
14:54 09.10.2020
14:32 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков  - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0