БШК органдарга "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстанды" текшерүүнү суранды

Жазылуу
Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы боюнча өтпөй калган 12 партия "Биримдик", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларына карата чара көрүүнү жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгарууну суранышкан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузган партиялар боюнча арызын укук коргоо органдарына берет. Сунуштун текстин Facebook баракчасына БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев жүктөдү.

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы боюнча өтпөй калган 12 партия өз билдирүүсүндө "Биримдик", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларына карата чара көрүүнү (мыйзам боюнча) жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгарууну суранышкан.

БШК шайлоо босогосун жана күрөөсүн азайтууну сунуштап жатат

Буга байланыштуу БШК төмөнкүлөрдү чечкен:

  • "Биримдик", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларынын мыйзам бузууларына укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине 12 партиянын арызын жөнөтүү;
  • БШК партияларга мыйзам бузууларды далилдеген фото жана видеоматериалдарды Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жөнөтүүнү сунуштайт. Ошондой эле арыздарды Жогорку Кеңешке жөнөтүп, партиялардын кайрадан шайлоого катышуусунун мыйзамдуулугун карап чыгууну өтүнүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0