ИИМге жана Бишкек милициясына жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Жумагазиев. Архив
 Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Жумагазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, буга чейин ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев болчу. Ал эми Каниметов анын орун басары болуп келген. Ал эми Жумагазиев парламенттик шайлоого катышкандыктан, убактылуу Бишкек милициясынын жетекчилигинен бошотулган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын башчысы болуп кайрадан Канат Жумагазиев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми ички иштер министринин милдетин аткарууга Мирлан Каниметов келди. Анын орун басары болуп кайрадан Алмазбек Орозалиев дайындалды. Буга чейин ал Бишкек милициясын жетектеп жаткан.

Эске салсак, буга чейин ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев болчу. Ал эми Каниметов анын орун басары болуп келген.

Канат Жумагазиев парламенттик шайлоого катышкандыктан, убактылуу Бишкек милициясынын жетекчилигинен бошотулган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0