Жээнбеков: элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасайм

Жазылуу
Жээнбеков элдин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбошу үчүн Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилгенин белгилеген. Жарлыкка бүгүн кол коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, айрым саясатчылардын ашынган амбициясынан улам жарандардын тынч жашоосуна, мамлекеттин тынчтыгына бүлүк салынды.

Жээнбеков Бишкекке армия менен аскер техникасын киргизүүнү тапшырды

"Саясий чакырыктар менен биргеликте өлкөнүн биримдигине, коомдун тынчтыгына доо кетирген чагымчыл чакырыктар жасалды. Кыргызстаныбыздын тагдыры коркунучка кептелди. Кадырман калкым, элибиздин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбош керек. Ошондуктан өлкөбүздүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилди. Бүгүн атайын жарлыкка кол койдум", — деген өлкө башчы.

Жээнбеков конституциялык укуктарынын алкагында президент катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасай турганын белгилеген.

"Мени өлкөнүн акыл-эстүү жарандары толугу менен колдойт деп ишенем. Сыртта карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы. Антпесе, мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу реалдуу болуп турат. Жараткан Кудайым сүйүктүү Кыргызстаныбызды өзү колдоп, элибиз аман болсун!" — деген мамлекет жетекчиси.

Эскерте кетсек, бүгүн мамлекет башчы борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Кыргызстан Сооронбай Жээнбеков кайрылуу өзгөчө абал

Жаңылыктар түрмөгү
0