Беларустун президенттигине мурдагы талапкер Светлана Тихановская

Белгисиз адам Тихановскаямын деп Дания парламентинде 40 мүнөт сүйлөгөн

387
(жаңыланган 09:32 10.10.2020)
Иш-чара Беларустун азыркы саясий абалын талкуулоого арналган. Анын катышуучулары 40 мүнөт өткөндөн кийин гана шекший баштаган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Белгисиз адам өзүн Беларустун президенттигине мурдагы талапкер Светлана Тихановскаямын деп тааныштырып, Дания парламентинин чет элдик иштер боюнча комитетинин жабык отурумуна катышкан. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги билдирди. 

Отурум 6-октябрда, шейшемби күнү, өткөн. Иш-чара Беларустагы азыркы саясий кырдаалды талкуулоого арналган.

Бийликти өткөрүп берүү. Тихановская АКШнын мамкатчысынын өкүлү менен жолукту

Анын алдында Тихановскаямын деген адам веб-камерасы эмнегедир күйбөй жаткандыгын айткан. Парламенттин өкүлдөрү 40 мүнөт өткөндөн кийин гана шекший башташкан. Жыйынды чукул токтотууга туура келген.

"Бул өтө оройлук менен жасалган тамаша деп ойлойм. Мени тынчсыздандырганы — жыйындын регламенти бузулганы. Бул ойлонууга түртөт", — деди парламенттин тышкы саясат боюнча комитетинин жетекчиси Мартин Лидегаард.

Парламенттин отчётунда отурум учурунда өлкөнүн тышкы саясат боюнча багытына зыян келтире турган эч нерсе айтылбагандыгы жазылган. Муну менен катар комитеттен онлайн-сүйлөшүүлөрдө сырттан катыша тургандардын камералары сөзсүз иштеп турушу керек деген талап коюлары айтылды.

Беларустагы президенттик шайлоодо БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын 10 пайыз добушун алган Тихановская учурда Евробиримдикте жүрөт. Аталган аймакта ал жогорку деңгээлдеги бир топ жолугушууларды өткөргөн.

387
Белгилер:
Отурум, онлайн, Светлана Тихановская, президенттик шайлоо, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары (35)
Тема боюнча
Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды
Ил-80 (Ил-86 ВКП) учагы. Архивдик сүрөт

Россияга "кыямат күндүн учагын" кайра жасоонун эмне зарылдыгы бар?

6
(жаңыланган 10:03 29.10.2020)
РФ Куралдуу күчтөрү жакын арада Ил-96-400М ыраак магистралдык лайнердин негизиндеги сооттолгон, жогорку технологиялык жаңы аба пунктуларына ээ болмокчу. Батышта мындай машиналарды "кыямат күндүн учагы" деп коюшат.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанып кете турган болсо РФтин жогорку аскердик жана саясий жетекчилиги коргонууну уюштуруп, жерде, деңизде жана көктөгү күчтөрдү "учуучу штабдардын" бортунан тескейт.

Бул типтеги учактар ушу тапта болгону эки мамлекетте — Россия жана АКШда гана бар. Бул машиналардын өзгөчөлүктөрү жана милдеттери тууралуу РИА Новости сайтына жарыяланган Андрей Коцтун материалынан окуңуздар.

Командачылыкты сактап калуу

Өзөктүк державалардын ортосундагы мамиле болушунча курчуду. Дипломаттар туңгуюкка кептелди, тараптар элчилерин чакыртып алышты. Куралдуу күчтөр тыкыр даярдыкта.

"Жеңил жагдай". АКШ эмнеликтен Баку менен Ереванды элдештире алган жок?

Стратегиялык бомбалоочу учактар абага көтөрүлүп, баллистикалык ракеталар жүктөлгөн суу түбүндөгү атомдук кайыктар океанга сүңгүүдө, жылуучу грунттук ракеталык комплекстер аскердик күзөт багыттарына карай жакындоодо. Дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп кетпегей эле деп санааркап турат.

Кудай жалгап мындай сценарий азырынча фантастика гана. Россияда да, АКШда да толук масштабдуу согуш өзөктүк согушка өтүп, он миллиондогон курмандыкка алып келиши мүмкүн экенин жакшы билишет.

Бирок аскерлер дайым эң жаман жагдайга дайым даяр турушат. Эки тарап тең андай чатакта биринчи сокку душманды башчысыз калтырат, күчтөрдү башкаруу жана кандайдыр бир тирешти уюштурууга мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Негизги бута — аскердик жана саясий борборлор.

Коркунуч жаралган убакта Россиянын жетекчилиги жана Куралдуу күчтөрдүн жогорку командалык курамын катаал купуялуулук шартында аскердик аэродромго көчүрүшөт. Анда аларды канаттуу командалык пунктулар күтөт.

Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин "Валдай" клубундагы сөзү

"Кыямат күндүн учагынын" экипажынын негизги милдети — мамлекеттин биринчи өкүлдөрүн соккудан сактап, өлкөнүн коргоо тутумун абадан башкарууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Бул командалык пунктулардын аскердик туруктуулугун коштоочу истребителдерин жана танкер-май куюучулар камсыз кылат. Ушундай эле тактика Кошмо Штаттарда да кансыз согуш доорунда эле иштелип чыккан.

Көп күттүргөн "орун басар"

Россиянын Куралдуу космостук аба күчтөрүндө Ил-86 жүргүнчү лайнеринин негизинде курулган Ил – 80 "кыямат күндүн учагы" бар. Күчтүү энергоорнотмо, заманбап байланыш каражаты, жашоону колдоо тутуму кошумча май куюу менен абада бир нече күн өткөрүүгө мүмкүндүк түзөт.

Өзүнөн мурдагы жарандык түрүнөн Ил-80 бийик "чекеси" — ар кыл радиоэлектрондук жабдуулар жайгаштырылган фюзеляждын маңдайындагы үстүңкү ири бөлүгү менен айырмаланат. Андан сырткары, экипаж жана жүргүнчүлөрдүн көздөрү жакынкы өзөктүк жардыруудан жабыркабашы үчүн Ил-80дин иллюминатору жок. Куйрук бөлүгүндө суу түбүндөгү кайыктар менен байланыш үчүн кое берүүчү тростук антенна орнотулган.

"Оңой менен кыйрабайт": Түндүктө америкалыктар бункерге кайтууда

Ил-80 боюнча кеңири маалыматтар мамлекеттик сыр болуп саналат. Тек гана бортунда Куралдуу күчтөрдүн бардык түрлөрү жана типтерин башкаруу үчүн аппаратура, жогорку кызматтагы жүргүнчүлөрдүн иштөө жана эс алуусу үчүн жайлар каралып, күйүүчү майдын кору үчүн кошумча идиштер коюлган.

Учак каалаган жарандык жана аскердик аэродромдон учуп чыга алат. Жапырт кыйратуучу куралдан коргонуу каражаттары менен жабдылган. Жер үстүндөгү жана ретрансляция, байланыш жана навигация жабдыктары кыйратылган учурда автономдуу иштей алат.

Бирок Ил-80 куралдуу күчтөрдө 15 жылдан бери пайдаланылып келет, өз ресурсунун басымдуу бөлүгүн иштеп чыккан. Мындан тышкары, Ил-86 — орто магистралдык болуп саналышат. Алардын иш ыраактыгы — болгону 3800 чакырым, бул башкаруунун абадагы пункту үчүн жетиштүү эмес. Ошол себептен "кыямат күндүн жаңы учагы" үчүн Ил-96-400М негиз катары тандалганы өзүн актады. Оор жүктөнгөн учурда да бул машина тогуз миң чакырымдын тегерегиндеги ыраактыкка уча алат.

Өз ара сый диалогго чакырып... Европалыктар Россияны сыйлоого аргасыз

"Учуучу отелдер"

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Boeing-747 авиалайнеринин негизинде түзүлгөн төрт E-4B Nightwatch учагы бар. Ар бири бортуна 100дөн киши алып, улам кошумча май куюулуп турганда абада бир жумага дейре кармала алат.

Е-4B өзөктүк жарылуунун кыйратуучу факторлорунан корголуп, эң заманбап радиоэлектрондук жабдык менен корголгон.

Негизи америкалык "кыямат күндүн учагы" — бул учуучу отель. Анын бир нече күн аралыгында автономдуу иштеши үчүн тийиштүү нерсенин баары — ашкана, санитардык түйүндөр, эс алуу аймагы, уктоочу кубрик (бөлмө), стол жана тогуз креслосу бар жыйын бөлмөсү, 29 жумуш орундуу коммуникация менен байланыш зонасы жана башка бөлмөлөр бар.

Интерьер ыңгайлуулугу, ал эми жабдуусу жогорку эргономикасы менен айырмаланат. Балким ошол себептен АКШнын биринчи өкүлдөрү узак жолго жана бөлөк өлкөлөргө расмий сапарга чыкканда классикалык президенттик Air Force One бортторунун ордуна E-4B учагын маал-маалы менен тандашат.

E-4B учактары россиялык Ил-80ден алда канча улуу. Алар 1970-жылдары эле пайдаланууга берилген. Анткен менен алар улам заманга бапташтырылып турат.

2015-жылы борттордун бир бөлүгү коммуникациялык жабдуунун кайра программаланышынан жана коммуникациялык жабдуу жол-жобосунан өткөн.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

Учактар ыкчам ылдамдыктагы интернетке, кеңири сызыктуу спутник байланышына туташтырылган, ошондой эле жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүктөгү атайын корголгон каналдарга ээ. E-4B ыраактыгы — 11 миң чакырым.

Андан сырткары, америкалыктардын суу түбүндөгү стратегиялык атомдук кайыктары бар резервдик тутумун камсыздандырууга багытталган, ошондой эле Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн командалык аба пункту катары пайдалануу үчүн 16 E-6 учагы бар.

Кокус согуш тутанып кетсе, бул машиналар суу алдындагы кайыктар жана "кыямат күндүн учактары" менен байланышта болуу менен Атлантика жана Тынч океан аймактарында аскердик күзөткө чыгышат.

6
Белгилер:
согуш, ракета, АКШ, ылдамдык, Россия, учак
Тема боюнча
Ту-154түн Россияда элди акыркы ирет ташыган видеосу. КРдеги №1 борт да ушундай
Казакбаев: Россия Кыргызстандын союздашы болуп келген жана боло берет

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

942
(жаңыланган 21:28 28.10.2020)
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин алдында ант беришти.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Алар кызматка киришип жатып ант берүүгө милдеттүү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниетим менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга иш сапар менен кеткендиктен ант берүү аземине катышкан жок.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы парламент колдобой койду. Мындан улам эки министр ант бербей калды.

Соңунда Садыр Жапаров аларга кайрылып, болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

942
Белгилер:
вице-премьер-министр, ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Акылбек Жапаров үч күн таптырбай кайда жүргөнүн айтты