Касымалиева: Садыр Жапаровдун ордуна башка талапкерди кароону сунуштайм

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-спикер анын дайындалышы коомчулукта мындан ары да бөлүнүп-жарылууну, ар кыл карама-каршылыктарды пайда кылат деген пикирин айткан.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министрликке Садыр Жапаровду эмес, башка адамдын талапкерлигин сунуштоого чакырам. Мындай кайрылууну Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева парламентке жасады.

Ал буга коомдогу нааразычылык себеп болуп жаткандыгын билдирген.

"Элдин ишенимин жараткан өкмөттүн ордуна, тескерисинче, кыжыр кайнаткан маанайды түзүп, анын премьер-министрликке дайындалышы коомдо мындан аркы да силкинүүнү пайда кылат. Биз мындай тобокелге бара албайбыз. Андыктан, урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына мурдагы чечимин кайра карап чыгып, Кыргызстандын премьер-министрлигине жаңы талапкерди сунуштоого чакырам", — деп айтылган кайрылууда.

Вице-спикер анын дайындалышы коомчулукта бөлүнүп-жарылууну, ар кыл карама-каршылыктарды пайда кылат деген чочулоосун айткан.

Аянттагы чуу кантип башталды. 9-октябрдагы окуялардын видеохронологиясы

"Биз анын талапкерлигин жактырганда мамлекетте туруктуулукту, өлкөдө тынчтык менен тартипти камсыз кылалы деп умтулганбыз. Садыр Жапаров парламенттин ичинде да ар кыл саясий күчтөрдү бириктирип, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болот деп ишенгенбиз, карама-каршылыктарды жоюп, парламенттик жаңы шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзөт дегенбиз. Тилекке каршы, акыркы окуялар анын жеке сапаттарынан сырткары коомчулуктун бир топ бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартаарын көрсөттү. Өлкөнү бириктирүүнүн ордуна, тескерисинче, бөлүнүп-жарылууну, ар кыл карама-каршылыктарды күчөтүп ала турганыбыз сезилди", — деген Касымалиева.

Эске салсак, өлкөдө толкундоо башталып, ЖКнын депутаттары Жапаровду өкмөт башчылыкка сунуштагандан бери нааразылык күчөп, ири толкундоолорду жаратты. Бир катар партиялар биригип, алгач, "Ата Мекен" партиясынын талапкери Тилек Токтогазиевди, кийин саясатчы Өмүрбек Бабановду сунуштаган.

Бишкекте 9-октябрда кандай окуялар болду. Күн жыйынтыгы

Кечээ, 9-октябрдагы ири митингде, Садыров менен экс-президент Алмазбек Атамбаев, Бабанов баштаган митингчилер кагышып, биринчи тарап аларды борбордук аянттан сүрүп чыгарган.

Ал эми бүгүн ЖК депутаттары бир нече маселе, анын ичинде өкмөт башчынын талапкерлигин бекитүү боюнча жыйынга чогулмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0