Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. Архив

Бишкек комендатурасы түзүлдү. Алмазбек Орозалиевге кимдер жардам берет

215
(жаңыланган 17:15 10.10.2020)
Кечээ борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыгына кол коюлган. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев болгон.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы комендатуранын структурасы кандай болорун айтып берди.

Кечээ мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Бишкектеги коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин созулат

Коменданттын орун басарлары:

  • Аскер бөлүктөрү менен иштешүү боюнча — Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачысы Карасартов А.О.;
  • Улуттук коопсуздук тармагындагы маселелер боюнча — УКМКнын төрагасынын орун басары Тургунбеков М.Э.;
  • Социалдык-экономикалык маселелер боюнча — Бишкектин мэри Суракматов А.Э.;
  • Саламаттык сактоо маселелери боюнча — Саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев М.М.;
  • Коомдук тартипти сактоо күчтөрүн координациялоо жана жетектөө маселелери боюнча — Бишкек ШИИБдин начальниги Жумагазиев К.С.;
  • Коменданттын орун басары — ыкчам штабдын орун басары Ниязбеков С.Н.

Коменданттык аймактардын башчылары:

  • Ленин райондук ИИБдин жетекчиси Абитов Ж.Э.;
  • Октябрь райондук ИИБдин жетекчиси Султанов У.А.;
  • Биринчи май райондук ИИБдин жетекчиси Казакеев А.А.;
  • Свердлов райондук ИИБдин жетекчиси Тагаев А.Ш..

Ал эми комендатуранын структурасы төмөнкүдөй:

  • Ыкчам штаб;
  • Секретариат;
  • Укуктук бөлүм;
  • Маалымат кызмат;
  • Call-борбор.
215
Белгилер:
структура, комендант, комендатура, өзгөчө абал, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Бишкек комендатурасы митингдерди токтотуп коюуга укуктуу
Жөнөкөй жигиттер Бишкекти коргошту. Мэр элдик кошуунга ыраазычылык билдирди
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

134
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

134
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

437
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

437
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты