ЖК: өзгөчө абал тууралуу жарлык үч күндө бекибесе, күчүн жоготот

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМамлекеттик кызматкер документке кол коют жатат. Архив
Мамлекеттик кызматкер документке кол коют жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушту.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Эгер парламент үч күндүн ичинде кворум чогултуп, өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитип бербесе ал автоматтык түрдө күчүн жоготот. Бул тууралуу мамлекеттик резиденциядан кезексиз жыйынга келген ЖК төрагасы Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Учурда эл өкүлдөрү жыйын куруп жатышат. Алар президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын, өкмөттүн курамын жана структурасын карамакчы.

Эске салсак, Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл толкуп, "Ала-Тоо" аянтында митинг башталган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

7-октябрда ар кайсы ишканалар аларды басып алууга аракеттер болгонун айткан. Акциялар уланып, митингчилердин бир бөлүгү Садыр Жапаровду колдосо, экинчиси люстрация мыйзамын талап кылган болчу.

8-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековго айрым депутаттар импичмент процедурасын баштаганын кабарлашты.

9-октябрда төрт партия башын кошуп, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштады. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун колдоочулары "Ала-Тоо" аянтындагы митингге кошулуп, Садыр Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылышуу болгон. Атамбаевдин автоунаасына ок атылган.

Бүгүн УКМК Алмазбек Атамбаевди эки жан сакчысы менен Кой-Таш айылынан, үзөңгүлөшү Фарид Ниязовду Бишкек шаарынан кармап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0