Садыр Жапаров өкмөттүн курамын ошол бойдон калтырарын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров. Архив
Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана өкмөттүн курамын, структурасын карап жатышат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров өз программасы менен тааныштырып жатып, өкмөттүн курамы ошол бойдон каларын айтты.

"Өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу өкмөттүн курамын ошол бойдон калтырабыз. Кийин өзгөртүүлөр болот", — деди Жапаров.

Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулушту. Алар президенттин өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыгын жана өкмөттүн курамы менен структурасын карап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0