Эркин Асрандиев Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамында болуудан баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер министр Эркин Асрандиев. Архив
Вице-премьер министр Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп берди. Өкмөттүн курамы дээрлик өзгөргөн жок.

БИШКЕК, 10-окт. – Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиевди эске албаганда өкмөттүн курамы ошол бойдон калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Буга чейин ал эл өкүлдөрүнүн алдына программасы менен чыккан. Ал өлкөдөгү абал оор болгондуктан өкмөттүн структурасы менен курамы ошол бойдон каларын билдирди.

Ал ошондой эле вице-премьер Эркин Асрандиев кызматтан кетүү боюнча арызын берип жибергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0