Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Архив

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жумушка чыкты

418
(жаңыланган 16:36 11.10.2020)
Башкы прокурордун катышуусунда ыкчам жыйын өтүп, штаттык режимде жумушту улантуу тапшырмасы берилген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 11-октябрда, жумушка чыкты. Бул кабарды мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, башкы прокурордун катышуусунда ыкчам жыйын өткөн. Ага көзөмөл органдын өздүк курамы, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун райондук прокурорлору катышкан.

Мыктыбек Абдылдаев отставкага кетти

"Штаттык режимде жумушту улантуу тапшырылды", — деп билдирди ведомствонун маалымат катчысы Наргиза Куватова.
418
Белгилер:
жумуш, Өткүрбек Жамшитов, Башкы прокуратура
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

3
(жаңыланган 12:51 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин Иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок, анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы 27-июлда Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарга чейин иштеген.

3
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди
Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев. Архив

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

63
(жаңыланган 12:15 26.10.2020)
Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды колдобой турганы айтылат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан бидиришти.

"Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептелерин расмий билдиребиз. Аны 21-октябрь күнү отставкага кеткен мурдагы жетекчи Азиз Суракматов дайындаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды тааныбайт.

Түлеев мэрияда кырдаал тынчыбаса кайра кызматка келип аларын эскертти

Ошондой эле шаар жетекчилигинен, мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер арыз жазгандан тарта, эгер жетекчилиик ага кол кое элек болсо, үч күндүн ичинде чечимин өзгөртсө болорун кошумчалашты.

"Түлеевди кызматтан бошотуу боюнча чечим бүгүнкү күндө жок. Андыктан ал юридикалык жактан дагы, факты түрүндө дагы биринчи вице-мэр боюнча калат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

63
Белгилер:
арыз, Бишкек мэриясы, Бишкек, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби