Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолугушуу учурунда. Архив

Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

2657
(жаңыланган 10:05 12.10.2020)
Жолугушуу жекшемби күнү болгон. Маалыматка караганда, президент өлкөдөгү абалга тынчсызданып, андан чыгуу боюнча өз көз карашын сунуштаган бардык коомдук жана саясий ишмерлер менен жолугууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолугушту. Кабарды мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Тараптар өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талкуулап, андан чыгуу үчүн жалпы улуттук консенсуска келүү зарылдыгын айтышты.

"Жолугушуу жекшемби күнү болду. Президент өлкөдөгү абалга тынчсызданып, андан чыгуу боюнча өз көз карашын сунуштаган бардык коомдук жана саясий ишмерлер менен жолугууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке "Ала-Тоо" аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

7-октябрда ар кайсы ишканалар аларды басып алууга аракеттер болгонун айткан. Митинг уланып, митингчилердин бир бөлүгү Садыр Жапаровду колдосо, экинчиси люстрация мыйзамын талап кылган.

Касымалиева өзү спикер, Баатырбеков премьер катары иштеши керектигин айтты

8-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековго айрым депутаттар импичмент процедурасын баштаганын кабарлашты.

9-октябрда төрт партия биригип, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштады. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун колдоочулары "Ала-Тоо" аянтындагы митингге кошулуп, тараптардын ортосунда кагылышуу болгон. Атамбаевдин автоунаасына ок атылган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдоп беришкен. Ушул эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон митингчилер тарабынан бошотулган саясатчылар кайрадан камала баштаган.

11-октябрда Аида Касымалиева баштаган бир катар депутаттар кезексиз жыйында кворум болбогонун айтып, Жапаровдун кызматка отурушун легитимсиз деп чыгышты.

 

2657
Белгилер:
кырдаал, жолугушуу, Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Генералдык штабга келип абалды турукташтырууну талкуулоодо
Жээнбеков: элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасайм
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

130
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

130
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

434
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

434
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты