Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйыны

Премьерди шайлоого канча депутат катышып, ким ишеним кат бергени жарыяланды

1465
(жаңыланган 17:11 12.10.2020)
Айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган жыйында кворум болбогонун айтып, анын дайындалышы легитимсиз деп жатышат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу премьер-министрди шайлоо үчүн өткөн кезексиз жыйынга катышкан депутаттардын тизмесин жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, 54 депутат келип каттоодон өткөн.

"ЖКнын 10-октябрдагы кезексиз жыйынына келген жана ишеним кат берген депутаттардын тизмеси. Аппараттын кызматкерлери каттаган. Сиздердин талап боюнча жарыялоого туура келип жатат", — деп жазган Нуракун уулу.

10 депутат кесиптештерине ишеним кат берип жибергени айтылды. Тизме төмөнкүдөй:

Ишеним кат менен катышкандар

  • Алиярбек Абжалиев добуш берүү укугун кат түрүндө Талант Мамытовго берген;
  • Салайдин Айдаров добуш берүү укугун кат түрүндө Дастан Жумабековго берген;
  • Кубанычбек Жумалиев добуш берүү укугун кат түрүндө Улугбек Ормоновго берген;
  • Ильхом Маннанов добуш берүү укугун кат түрүндө Жылдыз Мусабековага берген;
  • Искендер Матраимов добуш берүү укугун кат түрүндө Жылдыз Мусабековага берген;
  • Иса Өмүркулов добуш берүү укугун Сайдулла Нышановго берген, ишеним кат нотариустан катталган;
  • Абдыкапар Султанов добуш берүү укугун кат түрүндө Бакыт Төрөбаевге берген;
  • Улан Примов добуш берүү укугун кат түрүндө Аида Касымалиевага берген;
  • Азизбек Турсунбаев добуш берүү укугун кат түрүндө Алмазбек Токторовго берген;
  • Максатбек Эгембердиев добуш берүү укугун кат түрүндө Өмүрбек Бакировго берген.

Эске салсак, 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Залда отурган депутаттар дагы бир-экөө жолдо келе жатканын айткан.

Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиева жыйын ортолоп калганда чыгып кеткен. Ал эми Каныбек Иманалиев жыйынга 41 гана депутат катышканын, анын экөө толук катышпай кетип калганын билдирген. Мындан улам айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган жыйында кворум болбогонун айтышууда.

1465
Белгилер:
шайлоо, маалымат, кворум, жыйын, Жогорку Кеңеш
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Касымалиева өзү спикер, Баатырбеков премьер катары иштеши керектигин айтты
Садыр Жапаров эмнеге оппозициялык күчтөр менен бирикпей калганын айтты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

131
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

131
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

434
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

434
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты