Ош шаардык соту Тилек Матраимовду камакка алуу чечимин чыгарды

© Фото / пресс-служба Карасуйского акимиатаМурдагы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов. Архив
Мурдагы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аким жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ош шаардык соту Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун баш коргоо чарасын тандап, бир айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Матраимовдун баш коргоо чарасы 9-октябрда каралган. Соттун чечими менен ал 9-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Тилек Матраимовдун шөкөттөлгөн кабинети бош калды. Видео

Эске салсак, Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды 9-октябрда Кыргызстанга өткөрүп берген. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0