Камалган киши. Архив

Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев тергөө абагына киргизилди

132
(жаңыланган 09:31 13.10.2020)
Ниязов менен Сагынбаев 6-октябрь түнү митингчилер тарабынан түрмөдөн бошотулган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков жана жан сакчысы Канат Сагынбаев №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

  • Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков
    © Фото / Алана Цхобревова
  • Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов
    Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Алана Цхобревова
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков

Үчөө тең 10-октябрда соттун чечими менен абакка отургузулган.

ИИМ: Атамбаевдин уулдары күбө катары кармалып, кайра коё берилди

Алар массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. 6-октябрдын түнүндө митингчилер Ак үйдү ээлеп алгандан кийин дароо тергөө абагынан чыгарылган. Ал эми Султанбеков камакка алынганга чейин эркиндикте болгон.

132
Белгилер:
абак, Митинг, Биринчи Май райондук соту, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
ИИМ "Ала-Тоо" аянтындагы окуя боюнча дагы эки адамды кармады
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

132
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

132
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы
Судьянын балкасы. Архив

Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

435
(жаңыланган 21:51 20.10.2020)
Буга чейин Матраимовдун мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдун тегерегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экени айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Матраимовдун адвокаты мындай чечим үй камагына алууну билдирер-билдирбесин тактаган жок.

Эскерте кетсек, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

435
Белгилер:
коррупция, бажы, соттук чечим, УКМК, камак, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды 
Жооп берүүгө жетишпей жатам! Жапаров тарапташтарына аудио билдирүү таратты