Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекиткен токтом президентке келди

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-октябрь күнү Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына жетти. Кабарды өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

“Жогорку Кеңештин токтому президенттик аппаратка келип түштү”, — деди Стамалиева.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелип, ишин уланта берет.

Эске салсак, 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Залда отурган депутаттар дагы бир-экөө жолдо келе жатканын айтып, спикерликтен кетип жатканын билдирген. Жыйынга вице-спикер Мирлан Бакиров төрагалык кылган.

Өкмөттө кыска убакытта аткарылууга тийиш болгон милдеттер айтылды

Кийинчерээк вице-спикер Аида Касымалиева жыйын ортолоп калганда чыгып кеткенин билдирди. Ал эми Каныбек Иманалиев жыйынга 41 гана депутат катышканын, анын экөө толук катышпай кетип калганын белгиледи. Мындан улам айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган жыйында кворум болбогонун айтып, анын дайындалышын легитимсиз деп жатышат.

Анткен менен 12-октябрь күнү ЖК вице-спикери Мирлан Бакиров Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0