ЖАМК Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка кайтышын күтүп жатат

Жазылуу
Сапар Исаков буга чейин журналисттерге эркиндикке жети эле күнгө чыкканын билдирген. Учурда аны укук коргоо органдары күтүп жатат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовдун абакка кайтып келишин күтүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Исаков менен Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ("Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы") ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

“Учурда Албек Ибраимов менен Сапар Исаковду күтүп жатабыз. Эгер алар саат 13:00гө чейин кайтып келишпесе, издөө жарыяланат”, - дешти ЖАМКдан.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү Ак үйдү алышкан. Кийин абактагы бир нече саясатчыны чыгарып кетишкен. Алардын арасында Сапар Исаков менен Албек Ибраимов бар.

Сапар Исаков буга чейин журналисттерге эркиндикке жети эле күнгө чыкканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0